• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 

Видео

Embed
Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев акчанын артынан түшүп чет өлкөлөрдү эңсеген жаштарга кайрылды.
Embed
Белгилүү кыргыз мушкери Мыктыбек Мамасалиев Тажикстандын эң кыйын деген мушкери Солех Хасановду үч минутага жетпей бир сокку менен эсин оодара койду. Тажик мушкери көпкө өзүнө келе албай эси ооп жатып, ортодогу калыс жөлөп-таяп тургузганда да бутуна тура албай жатты. Бул мелдеш 2015-жылы 9-майда болгон.
Embed
Иран дегенде көпчүлүк санкциянын алдында жашаган, өнүкпөгөн, аялдардын укугу корголбогон, кооптуу өлкө катары элестет. Бул жолу кыргызстандык тележурналисттер Иранга таанышуу сапары менен барып, ал өлкөнүн заманбап жашоосун көрүп келди. Иран Ислам Республикасына таанышуу иш сапары менен Кыргызстандан 21 адам барган. Пресс-турду "Fars News" агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү ("Eurasia Today" агенттиги) уюштурду. Сапардын максаты - Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоо, таанышуу, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуу.
Embed
"Кыргызтопчу" ЖЧК учурда кардарлардан буюртмаларды кабыл алып, топчу чыгара баштады.
Embed
Түрк сериалдарына тартылган вандык Ахмет Айтач: “14 жашыма чейин дүйнөдө бизден башка кыргыз жок деп түшүнөт элем”
Embed
Хирургдар Мамбет Мамакеев менен Эрнст Акрамов 42 жылдык таарынычтан кийин элдешкен видеосу жарыяланды. Видео: Andrey Sopuev
Embed
Кыргызстандык адамды өзбек жарандары уурдап кетип, 5 ай кармашкан жана 50 миң доллар талап кылышкан.
Embed
Кечээ, 21-февралда Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйында сөз сүйлөдү. Эмне маселелер тууралуу кеп козгогонун толук видеодон көрүңүз.
Embed
Түндүк Корея республикасы армиянын түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган парадда өлкөнүн тарыхындагы эң көп сандагы өзөктүк ракеталарын көрсөттү.
Embed
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары, дин таануучу Кадыр Маликов Швеция менен Данияда Ыйык Курандын өрттөлүшү боюнча нааразычылыгын билдирди.
Embed
Россиялык блогер Роман Кобзарев катталуучуларына Иранга болгон саякаты тууралуу айтып берип, Тегеран, Кашан, Исфахан шаарларындагы сапарынан алган таасирлери менен бөлүштү. Ал иран ашканасы менен тааныштырып, ошондой эле бул кооз жана таң калыштуу өлкөдө жалгыз саякаттоонун сырлары менен бөлүштү.
15/12 - 11:53 Title: Ошту да ыш каптады
Embed
Кыргызстандын түштүк борборунун жашоочулары да шаарды ыш каптагандыгына даттанышууда. Дүйнөлүк абанын сапатынын индексин иликтеген World Air Quality Index порталы 11-декабрда Бишкектеги абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, 288 деген сан менен дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына чыккандыгын маалымдаган. Борбор калаанын жашоочулары да ыш каптап, дем алууга мүмкүн болбой бараткандыгына даттанышууда. Ал тургай бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутаттар тиешелүү жетекчилерди чакырышып, ыштын себебин сурашкан. Эл өкүлдөрүнө баяндама жасаган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова белгилегендей, биринчиден, Бишкектин абасынын булганышынын негизги булактары болуп борбордогу ТЭЦте, ошондой эле жеке сектордогу катуу отунду колдонуудан бөлүнүп чыккан уулуу заттар болуп саналат. Бул арада экинчи борбор Ош шаарын да ыш каптагандыгы айтылып, айрым маалымат каражаттары интернетке видолорду жүктөштү. Сүрөт: Белек Мусаев
Embed
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Тажикстандын кол салуусун агрессиялык чагымчылдык кадам катары баалап мекендештерине видео кайрылуу жасады.
Embed
Исландиядагы жарым аралда Фаградальсфьядль жанар тоосу атыла баштады. Жанар тоо Рейкьявик борборунан 30 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.
Embed
Сауд Аравияда Neom демилгесинин алкагында узундугу 170 чакырымды түзгөн горизонталдуу асман тиреген имарат курулат. Имараттын бийиктиги 500 метр, туурасы 200 метр болот. 9 миллион адам жашай турган көп кабаттуу үй Сауд Аравиянын түндүк-батышындагы Кызыл деңиздин жээгине курулат. Инженерлердин айтымында, шаардын курулушу 50 жылга чейин созулушу мүмкүн.
Embed
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Мамлекет башчыларын «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Embed
Вьетнамдын Мок-Чау аралынын туристтик аймагында дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулду. Курулуш Гиннестин рекорддор китебине киргизилген. Анын узундугу 632 метрди түзөт.
Embed
Борбор Азиядагы эң чоң океанариум Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте ачылды. “Magic City” оюн-зоок паркында ачылган бул аквариум-туннельдин узундугу 20, тереңдиги 3,8 метрди түзөт. Бул жерде суу жандыктарынын жүздөн ашык түрү жашайт.
Embed
Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази «Пирамида» телеканалына берген маегинде Кыргызстандын айымдарын 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
Embed
Донецк жана Луганск республикаларынын жетекчилери 18-февралдан баштап калкты массалык түрдө Орусияга эвакуацияло башталганын билдиришти. Пушилиндин айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрү жакынкы аралыкта аймакка кол салуу боюнча буйрук алат. Ушундай эле билдирүүнү Луганск эл республикасынын жетекчиси Леонид Пасечник жасады. Буга чейин Донбасстагы республикалар аймактагы кырдаал курчуп жатканын билдирип, Киев буга чейин жетишилген бардык келишимдерди бузуп жатканын кабарлаган. Ошол эле учурда Украина көйгөйдү саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү көздөп жатканын айтууда.
Embed
Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык пресс-конференциясын өткөрүп жатат.
Embed
Американын бир нече штатын каптаган торнадо 100гө чукул кишинин өмүрүн алды.
Embed
Польша-Беларусия чек арасында мигранттар менен чыр-чатак уланууда. Беларусиядан миңдеген качкындар Польшага мыйзамсыз кирүүгө аракет кылышууда. Мындан улам Польшанын бийлиги чек арага аскердик техникаларды жайгаштырды. Мигранттар лагерде маселенин чечилишин күтүп жатышат. Алар тосмолорду бузууга бир нече жолу аракет кылышкан, чек арачылар ага жооп катары көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.
Embed
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова мелдеш аяктаары менен журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Embed
Ооганстандын Панджшер провинциясы Талибанга каршы каршылык көрсөтүүнүн борборуна айланды. Аскерлерди 1990 -жылдары Талибанга каршы күрөшкөн можахеддердин “Түндүк Альянстын” лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектеп жатат. Панджшер учурда Ооганстандын 34 провинциясынын ичинен талибдер көзөмөл орното албаган жалгыз провинция. Учурда Панджшерге талибдердин тарабына өтүүдөн баш тартышкан аскерлер топтолууда. Ошондой эле провинцияда өлкөнүн вице-президенти Амрулла Салех бар, ал Ашраф Гани качып кеткенден кийин өзүн мамлекет башчысы деп жарыялаган.
Embed
Талибан кыймылы Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы президенттик сарайды ээледи. Видеодон талибандын лидерлери куралчан адамдардын коштоосунда президенттик сарайдын негизги бөлмөлөрүнүн биринде отурганын көрүүгө болот.
Embed
Кытайдын Хэнань провинциясынын Чжэнчжоу шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу ташкындап, 25 адам каза болду. Ал жерде плотина жарылып, метрону суу каптады. Мындан тышкары, провинцияда суу жана электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, 200 миң адам коопсуз жайларга көчүрүлдү.
Embed
Дубайда ачылган Deep Dive Dubai - дүйнөдөгү эң терең бассейн болуп саналат. Анын максималдуу тереңдиги 60 метрден ашат.
Embed
Кытайдын Шанхай шаарындагы дүйнөдөгү эң бийик “J Hotel Shanghai Tower” мейманканасы расмий түрдө ушул жылдын 19-июнунда ачылган. Жаңы мейманкана Дубайдагы “Бурж-Халифадан” (828 м) кийинки орунда турган дүйнөдөгү эң бийик “Shanhai Tower” (632 м) мунарасында жайгашкан. Көк тиреген жаңы мейманканадагы ресторан акыркы 120-кабатта, 556,7 м бийиктикте орун алган. Жаңы мейманкананын лоббиси асман тиреген имараттын 101-кабатында 474 метр бийиктикте, конок бөлмөлөрү 86-98-кабаттараралыгында, ал эми бассейн 84-кабатта 393 метрден ашуун бийиктикте жайгашкан. Жалпысынан 165 бөлмө, анын ичинде 34 люкс бөлмө бар.
Embed
Британ ханзаадалары Уильям менен Гарри апасы, ханбийке Диананын айкелин бирге ачышты. Диана 1-июлда 60 жашка чыкмак. Монумент бир кезде Диананын резиденциясы болгон Кенсингтон сарайынын багына орнотулган. Айкелдин автору белгилүү скульптор Иэн Рэнк-Броудли.
Embed
28-июнда кечинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун бейрасмий жолугушуусу болду. Жолугушуу шаар четиндеги “Бахор” резиденциясында өттү.
Embed
Быйыл Кыргызстанда суу ресурстары боюнча көйгөйлөр жаралып, суу сактагычтарда суунун көлөмү аз болууда. Суу Чүй облусунун айдоо жерлерин сугарууга да жетишсиз болууда. Тоолуу Көл-Төр көлү да тайыздап кетти. Көл-Төр - Кыргызстандагы кооз көлдөрдүн бири болуп саналат. Ал деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте, мөңгүлөргө жакын жайгашкан.
Embed
Кытайлык Ю Цзяндын сол көзүнүн кирпигинин эң узуну 20 сантиметрге жетсе, калган кирпиктери бир нече сантиметрге кыскараак. Ал өзүнүн өзгөчөлүгүнөн улам, эки жолу Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Ал буга чейинки рекордду 2016-жылы койгон, анда анын кирпиги 12,4 сантиметр узундукка жеткен.
Embed
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринин финалында атаандашын 7:1 эсеби менен жеңип, алтын тагынды. Фото: ©Sputnik
Embed
Президент Садыр Жапаров Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында «Аныткабир» мемориалдык комплексине — Түркия Республикасынын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган жерге барып, анын бейитине гүлчамбар коюп, элесине таазим кылды. Мамлекет башчысы мавзолейдин музейин көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.
Embed
Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Дром департаментине барганда белгисиз адам аны жаакка чаап жиберди.
Embed
Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесинде саат 06:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал оор бойдон калууда. Тажик тарап мамлекеттик чек аранын аталган жердеги такталбаган тилкесине контейнер коюшуп, андан 600 метр алыстап кетишкен. Кыргыз тарап абалды тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде чечүү үчүн чараларды көрүп жатат, бирок Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатат. Фото: EPA/Vostock-photo
Embed
Хельсинкинин көчөлөрүндө жолду тазалаган робот-чаң соргуч пайда болду. Ал жолдогу таштандыларды тазалоо үчүн айланып турган щеткаларды колдонот. “Trombia Free” деп аталган машинаны финляндиялык “Trombia Technologies” компаниясы жасап чыгарган. Анын узундугу 3,52 метр жана туурасы 2,3 метр. Кошумча тазалоочу щеткалар орнотулса, анын туурасы 3 метрге чейин жетет. Роботтун иштөө убактысы батарейканын кубаттуулугуна жараша болуп, 8 жарым саат же жай тазалоо режиминде 17 саатка чейин иштей алат. Ал эми жогорку кубаттуулук режиминде 4-8 саат иштей алат.
Embed
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон расмий иш сапары менен Пакистанга барды. Исламабадга жакындап калганда президенттин учагын согуштук учактар тосуп алып, аэропортко чейин коштоп барышты. Аны аэропорттон жогорку кызматтагы адамдар тосуп алышты. Аэропорт эки мамлекет башчысынын портреттери, желектер жана ураандар менен кооздолуп, жерге кызыл килем төшөлүп, ардактуу караул тизилген. Расмий сапарлардын жоболоруна ылайык, Рахмондун урматына 21 жолу аскердик залп атылды.
Embed
Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду узатып жаткандагы видеону Орусиянын “RIA Kremlin Pool” басылмасы жарыялады. Президент Садыр Жапаров Орусияга кечээ, 24-майда барып, кесиптеши Владимир Путин менен Сочи шаарында жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелер, кыргыз-тажик чек арасында акыркы окуяларды жана башка маселелерди талкуулашты.
Embed
БИШКЕК, 17-май. — Eurasia Today. Сионисттик режимдин аба күчтөрү 17-майда таң эрте Газага жасаган массалык чабуулунан дагы 42 палестиналык курман болуп, жалпы курмандыктардын саны 181ге жетти.
Embed
Новосибирск шаарындагы жергиликтүү крематорийде мүрзөнү тез казуу боюнча чемпионат болуп өттү. Бул мелдеште көр казуучулар өз жумуштарын тез жана тыкан аткарышы керек. Көрдүн кандай казылгандыгы калыстар тобу тарабынан чыныгы табыт менен текшерилет.
Embed
Бүгүн, 11-майда Казань шаарындагы № 175 мектепте окуучуларга көздөй ок атылды. Окуяда 11 киши каза таап, 20 киши жаракат алды. Ок чыгарган 19 жаштагы өспүрүм колго түшүрүлдү. Окуя болгон учурда мектепте 714 бала болгон.
Embed
"Asia Plu" басылманын журналисттери Душанбе шаарынын тургундарынан бүгүнкү күндө Тажикстанда "кайсы темада сүйлөшүүгө болбойт", "кимди сынга албаш керек жана эмне үчүн" деген суроолорго жооп алышты. Сурамжылоо 3-майда белгиленүүчү басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата жүргүзүлгөн.
Embed
Тажикстандын оппозициясынын бозгундагы лидери Мухиддин Кабири чек арадагы жаңжалга байланыштуу билдирүү таратып, эки элди ынтымакка чакырды. Ал каргашага бийликтегилер, саясатчылар күнөөлүү деп эсептейт. Видео ютубдагы “Паймони Миллии Тоҷикистон” каналынан алынды.
Embed
UFC Russia уюмунун YouTube-каналы UFC мушкерлеринин Хабиб Нурмагомедовго айткан каалоо-тилектеринин видеосун жарыялады.
Embed
Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев “Youtube” каналындагы “Автор ТВ” каналына маек курду. Анда ал президенттик кызматта турган учурдагы ишмердиги, чек ара маселеси, 2020-жылдагы октябрь окуялары тууралуу пикирин билдирди.
Embed
Президент Садыр Жапаров КТРК телеканалына берген маегинде, акыркы 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан мамлекеттик чек ара маселеси, жаңы сунушталган электр энергиясына болгон тарифтер жана казина ачуу маселеси боюнча пикирин билдирди.
Embed
Өткөн жылы пандемияга байланыштуу Айгүл тоосуна киши буту баскан жок. Бул жылы 4 күндөн бери айгүл гүлү ачкандан тартып көрүүгө келгендердин катары көбөйө баштады. Айрымдары жыл сайын эле келүүнү адатка айлантып алышса, көпчүлүгү сейрек гүлдү биринчи жолу өз көзү менен көрүп атышат.
Embed
Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук паркындагы МалаМала жеке коругундагы Сэнд дарыясынан суу ичүүгө келген арстандарга көлмөдө жашаган кичинекей ташбака суу ичирбей, айласын кетирди. Кичинекей ташбаканын арстандарды көлмөдөн качырган учур 30 жаштагы сафари боюнча гид Реджи Барретонун видеокамерасына тартылып калган.Ал видео көп өтпөй Kruger Sightings коругунун YouTube каналына жүктөлгөн.
Embed
UFC Russia уюмунун YouTube-каналында дивизиондун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун мыкты ирмемдери камтылган видеосун жарыялады.
Embed
Египеттин борбору Каирде 22 фараондун сөөгү өлкөнүн улуттук музейинен Египет цивилизациясынын улуттук музейине чоң салтанат менен ташылды. Мумиялардын ичинен 18и падышага, ал эми төртөө XVII—XX династиядагы ханышаларга таандык.
Embed
Благовещенск шаарындагы Амур медициналык академиясынын кардиохирургия борборунда дарыгерлер өрттөнүп жаткан кардиологиялык борбордо бейтапка ийгиликтүү операция жасашты. Дарыгерлер бейтаптын өмүрү үчүн күрөштү улантышты. Операция учурунда куткаруучулар хирургиялык имараттан бейтаптарды эвакуациялашты. Мэриянын маалыматы боюнча, имараттан 67 бейтап куткарылды. Облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда кардиохирургиялык имараттагы өрт өчүрүлдү. Азырынча окуянын себептери аныктала элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуядан каза болгондор жана жаракат алгандар болгон жок.
Embed
Кытайда ак аюларды сүйүүчүлөр үчүн мейманкана пайда болду. Имараттын ичинде жасалма муз бар тосмонун ичинде эки ак аю жашайт. Аюларды мейманкананын бардык бөлмөлөрүнөн көрүүгө болот, коноктор аларды күнү-түнү көрө алышат.
Embed
Британиялык сүрөтчү Саша Жафри тарткан дүйнөдөгү эң ири картина Дубайдагы аукциондо 62 миллион долларга сатылды. "Адамзаттын саякаты" деп аталган 70 бөлүктөн турган картина 1600 чарчы метрдей аянтты ээлейт. Картинаны жаратууга 1065 кисточка жана 6300 литр боек колдонулган. Сүрөтчү бул картинаны дүйнөнүн 140 өлкөсүнүн балдарынын сүрөттөрүнүн негизинде тарткан.
Embed
Японияда Олимпиада отунун эстафетасы башталды. Ал 47 аймагынан өтөт. Эстафетанын биринчи катышуучусу 34 жаштагы футболчу Адзуса Ивасимидзу болду. Эстафета 121 күнгө созулат.
Embed
Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунда 2012-жылдан тарта күч сынашып, 9 жылда 13 беттеш өткөрүп, бардыгында тең жеңишке жеткен. Жакында эле UFC уюмунун башчысы Дана Уайт жеңилбес Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.
Embed
Исландиядагы Фаградальсфьядль жанар тоосу эки жумалык сейсмикалык активдүүлүктөн кийин ойгонду. Бирок, анын ойгонушу күтүүсүз болгон жок: 2021-жылдын 24-февралынан бери бул аймакта жер титирөөлөр болуп жаткан. Вулкан жайгашкан Рейкьянес жарым аралында азыр авиация үчүн коркунучтун кызгыл сары деңгээли жарыяланды. Кеблавик эл аралык аэропорту жабылды.
Embed
Орусиянын Казань шаарында циркте шоу тартуулап жаткан эки пил уруша кетип, көрсөтмө үзгүлтүккө учурады. Жаныбарлар манеждин тосмосун талкалап өткөндө, көрүүчүлөр шашылыш залдан чыгып кетишкен. Уюштурууулар окуядан жабыркагандар жок экенин билдиришти.
Embed
"Ал расмий түрдө 100% пенсияга чыкты. Сенин укмуштуудай беттештериңди көрдүк. Бардыгы үчүн рахмат, алдыдагы бардык нерселерден ырахат ал, менин досум", -деп жазды UFC президенти Дана Уайт.
Embed
Кечээ, 17-мартта Талас облусунда Жерүй кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Телекөпүрө форматында өткөн иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Орусиянын президенти Владимир Путин катышты.
Embed
Египетте, Бахария оазисиндеги казуу иштери учурунда археологдор байыркы монастырдын урандыларын табышты. Археологдор тобунун табылгасы 19 курулуштун (чиркөө, кичинекей чиркөө жана монахтын айрым бөлмөлөрү) урандыларынан турат.
Embed
Ардана Ботай бала кезинен аскер учкучу болууну кыялданган. Максатка жетүү жолу оңой болгон жок, бирок ал көздөгөнүн аткара алды. Азыр ал Казакстандагы согуштук учак башкарган жалгыз учкуч аял болуп саналат.
Embed
Дүйнөдөгү католиктердин диний лидери Рим Папасы Франциск бүгүн Багдадка апостолдук сапар менен барды. Франциск Рим католик чиркөөсүнүн Иракка барган биринчи башчысы болот.
Embed
Индонезиядагы Синабунг жанар тоосу асманга беш чакырымга чейин жеткен күл бүрктү.
Embed
Француз окумуштуулары коронавирусту өлтүрүүчү жаңы беткап ойлоп табышты. Ал төрт катмардан турат, алардын бири бактерициддик жана вируска каршы касиетке ээ.
Embed
Кыргызстан президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуусунун видеосун таратты. Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, з ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча биргелешкен өз ара иш алып баруунун келечегин талкуулашкан. Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу кыйынчылыктарга жана чектөөлөргө карабай Жапаров менен жекеме-жеке көрүшкөндүгүнө кубангандыгын билдирди. Видео: Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат кызматы
Embed
Орусияда дүйнөдө биринчилерден болуп коронавирустун британиялык штаммын аныктоочу тест-система катоого алынды. Аны Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиология илим-изилдөө институту жасап чыгарды.
Embed
АКШнын Нью-Жерси штатындагы Атлантик-Сити шаарында АКШнын мурунку президенти Дональд Трампка таандык болгон 39 кабаттуу “Trump Plaza” мейманкана-казиносу жардырылды. Имараттын жарылышынын видеосу YouTube-каналындагы NJ.com порталында жарыяланды. Бул мейманкана 1984-жылы май айында ачылып, шаардагы онунчу казино болгон. Бирок ал 2014-жылы жабылып калгандыктан улам миндеген адамдар жумушсуз калган. Казино ишин токтоткондон кийин ага ээлик кылуу укугу 2016-жылы "Trump Entertainment Resorts" компаниясынан "Icahn Enterprises" компаниясына өткөн. Атлантик-Сити шаарынын мэри Марти Смолл 2020-жылы өзүнүн администрациясына ошол маалда бузулуп баштаган имаратты бузуу тапшырмасын берген.
Embed
Америкалык Принц Миднайт аттуу рок-музыкант өлгөн агасынын скелетинен гитара жасап алды. Тай акеси өлгөндөн кийин сөөгүн илимге арноону керээз кылган.
Embed
1979-жылдагы Ирандагы Ислам революциясы өлкөнү ар тараптан жакшы жакка өзгөрттү.
Embed
Бүгүн, 10-февраль Ирандын бир катар ири шаарларындаИслам Революциясынын жеңишинин 42 жылдыгына арналган мото жүрүш өтүп жатат.
Embed
Нидерландыда COVID-19ду адамдын дем алуусу аркылуу аныктоочу экспресс-тесттер колдонула баштады. Анын жыйынтыгын бир нече мүнөттөн кийин билүүгө болот. Бул система бир нече ай бою сыноодон өтүп, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн. Тест Breathomix медициналык компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Компаняи буга чейин астма жана өпкө рагын аныктоочу аппарат жасап чыгарган.
Embed
Иран — байыркы маданияты бар, бай тарыхка ээ, меймандос адамдар жашаган тынч, кооз, өнүккөн өлкө.Көп учурда Иранды Ирак менен алмаштыра беришет. Бирок Ирак же Ооганстан менен кошуна болгонуна карабастан, Иран аймактагы эң коопсуз өлкө бойдон калууда. Ирандын меймандос, боорукер жана жылуу жүздүү эли өлкөсүнө келген конокторду өзүнүн жеке коногундай абдан жакшы кабыл алышат жана ар дайым жардам берүүгө даяр. Аял-кишилер дагы эч нерседен коркпостон Иранга жалгыз саякаттай алышат.
Embed
Ковентри шаарында жүк жана жүргүнчүлөрдү ташый турган учкучсуз учактар үчүн дүйнөдөгү алгачкы аэропорт курулат.
Embed
София - адамга окшош робот. Мындай адам сымал роботтун биринчи версия 2016-жылы көрсөтүлгөн, бирок азыр массалык түрдө чыгарылуунун алдында турат. Учурда адамдар көбүрөөк баарлашууга муктаж, бирок ошол эле учурда аларды эпидемиологиялык коопсуздук тынчсыздандырат. Андроиддер жандуу баарлашууну алмаштыра албайт, бирок технологиянын өнүгүшү менен алар адам сымал болуп баратат. Мисалы, София баарлашууну жана эмоцияларын көрсөтүүнү билет. София Сауд Аравиянын жарандыгын алган.
Embed
Уфадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо чыккан ири өрттү 120дан ашуун өрт өчүрүүчү өчүрдү. «Уфаоргсинтез» заводунун аймагындагы ачык аянтта мунай продуктулары салынган эки резервуар өрттөнүп, андан соң жарылуу болгон. Окуядан бир адам каза болуп, бирөө ооруканага жаткырылды.
Embed
Нидерландыда полиция Амстердам менен Эйндховендеги коронавируска каршы киргизилген чараларга каршы чыккан демонстранттарды күч менен таркатууда. Демонстранттар полицияга петарда ыргыта башташты. Коопсуздук күчтөрү митинчилерди таркатуу үчүн суу аткычтар менен союлдарды, Эйндховенде көздөн жаш агызуучу газдарды колдонушту. Бир нече ондогон адамдар кармалды.
Embed
Франциянын Лион шаарында дүйнөдө алгачкылардан болуп адамдын эки колун ийиндери менен кошо трансплантациялоо боюнча уникалдуу операция ийгиликтүү жасалды. Операция 15 саатка созулуп, ага төрт медициналык топ мобилизацияланган, даярданууга 50 кызматкер катышкан. Бейтап — 48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жыл мурун электр тогу уруп, эки колунан айрылып калган. Ушул убакыттын ичинде ал ондогон операцияларды башынан өткөргөн. Дарыгерлердин айтымында, бейтап операциядан кийин жакшы калыбына келип жатат. Лиондогу Эдуар Эррио ооруканасында мындай уникалдуу операция биринчи жолу жасалып жаткан жок, 90-жылдардын аягында, дүйнөдө биринчи жолу кол манжасы трансплантацияланган.
Embed
"Байлун" деген аталыштагы бул лифт 330 метр бийиктикке 2 мүнөттүн ичинде жеткирет. Ал Кытайдагы Чжанцзяцзе улуттук паркында жайгашкан.
Embed
Неаполдук дизайнер Винченцо Ультурале галстук-беткап ойлоп тапты. Винченцонун фирмасы галстук-беткаптарды сентябрь айында сата баштаган.
Embed
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кышында жеңил бут кийим кийип, бутту сууктан коргобосо бир катар ооруларга алып келерин эскертти.
Embed
Пхеньянда Кореянын Эмгек партиясынын сегизинчи съездинин урматына аскердик парад өттү. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан парадда курал-жарактын бир нече түрү анын ичинде суу алдындагы кемелер үчүн жасалган баллистикалык ракета көрсөтүлдү.Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги аны «дүйнөдөгү эң кубаттуу курал-жарак» деп атады.
Embed
Швецияда токойлордун бириндеги дарактын үстүндө "учуучу тарелка" түрүндөгү мейманкана пайда болду. "Treehotel" мейманканасынын ичиндеги бөлмөлөр космостук кеме катары жасалган. "НЛО" мейманканасы беш кишиге ылайыкталган. Ошондой эле бул жерде ванна бөлмөсү жана конок бөлмөсү бар.
Embed
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарадагы шаардык ооруканадан коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Embed
Тынчтык Мухамбетов Орто-Токой суу сактагычындагы муз тебүүнү видеого тартып, өзүнүн Instagram баракчасына жүктөдү. Видеого муз тебүүчү Карина Ураимова тартылган.
Embed
Ливандын борбор шаары Бейруттагы Гобейри муниципалитетинде Ирандын шейит болгон генералы Касем Сулейманинин атындагы көчөдө анын айкелинин ачылыш аземи өттү. Эске салсак, бир жыл мурун, 3-январда Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун “Аль-Кудс” атайын күчтөрүнүн командачысы генерал Касем Сулеймани жана ирактык “Хашд-аль-Шааби” кыймылынын башчысы Абу Махди аль-Мухандис Багдад шаарында АКШнын учкучсуз учактары тарабынан өлтүрүлгөн.
Embed
Иракта жана аймактын бир катар өлкөлөрүндө мындан бир жыл мурун АКШнын абадан жасаган соккусунда шейит болгон ирандык генерал Касем Сулеймани эскерилди.
Embed
Соң-Көл - Кыргызстандагы бийик тоолуу жана кооз көлдөрүнүн бири болуп саналат. Ал Нарын облусунда 3016 метр бийиктикте жайгашкан. Көлдөгү күндүн батышын жапайы жаратылышты тарткан фотограф Иван Турковский тартып алган.
Embed
Кытайдын Чжэцзян провинциясындагы толкун сымалдуу эки кабаттуу көпүрөнү курууга үч жыл убакыт кеткен. Ал сентябрдын аягында ачылган. Конструкциянын жалпы узундугу 100 метр жана бийиктиги 140 метр.
Embed
Канадалык алтын казуучулар жакшы сакталган 57 мин жылдык карышкырдын мумиясы таап алышты. Маалыматка ылайык, бул жандык түбөлүк тоңдо жакшы сакталып калган. Карышкыр жерде 57 миң жылга жакын убакыттан бери жаткан. Бул жандык жакшы сакталып калгандыктан улам окумуштуулар анын жашоо мүнөзү тууралуу көптөгөн маалыматтарды алышты. Көп жылдык тоңдун температурасы өтө төмөн болгондуктан, жаныбарлардын жумшак ткандарынын бир нече миң жылдар бою жакшы сакталат. Табылган карышкырга “Жур” деген ысым ыйгарылды. Жаныбардын денесинин ар кандай бөлүктөрү, анын ичинде териси, түгү жана органдары толугу менен сакталып калган. Бул изилдөөнүн негизги изилдөөчүлөрүнүн бири Жули Мичен “Жур” - карышкырлардын мумиясынын эң жакшы сакталып калган үлгүсү экенин айтып, ал 100% сакталып калганын, бир гана көздөрү жетишперин билдирди. Изилдөөчүлөр мумиянын тиштеринин жана сөөктөрүнүн өсүшүн карап, болжол менен 7 жумалык курагында өлгөнүн аныкташты. Ошондой эле окумуштуулар бул жандык суу жаныбарлары менен тамактанганын жана лосось анын эң жакшы көргөн тамактарынын бири болгон болушу мүмкүн экенин аныкташты. “Жур” Уайтхорс шаарындагы “Юкон Берингия” интерпретациялык борборуна коюлат.
Embed
Франциялык 34 жаштагы дарыгер Роман Вандендорп муз салынган идиште 2 саат 35 мүнөт 43 секунда туруп, дүйнөлүк рекорд койду. Жаңы рекордду Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлдөрү катташты. Дарыгер өзүнүн экстремалдуу жетишкендигин онкологиялык оорулардан жапа чеккен балдарга арнады.
Embed
Иран Ислам Республикасы тарабынан каржыланып, 21-декабрда пайдаланууга берилген спорт комплекс – байыркы Ош шаардагы эң чоң спорт комплекси болуп калды. Имараттын ачылыш аземи салтанаттуу ачылып, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, спортчулар жана жергиликтүү тургундар катышты. Т.Сарыбашов шаардыктарды жаңы спорткомплекстин ачылышы менен куттуктап, Иран Ислам Республикасынын элчисине ыраазычылык билдирди. Спорт комплексте 2 машыгуучу зал, жуунуучу, кийинүүчү бөлмөлөр бар. 1-залында кыргыз күрөш, дзюдо, грек-рим, эркин күрөш, самбо, таэквондо, каратэ-до боюнча машыгуулар, 2-залда волейбол, баскетбол, кичи футбол боюнча машыгуулар жана мелдештер өткөрүлөт. Комплекстин короосунда волейбол аянтчасы да бар. Мындан тышкары, кичинекей балдар ойноочу аянтча да курулду. Белгилей кетсек, Иран тарап Ош шаарына заманбап спорт комплекс куруу үчүн 1 млн доллар бөлөрүн айтып, 2011-жылы эки тараптуу макулдашууга кол коюшкан. Бул каражат гранттык негизде берилип, спорт комплекс иран элинен кыргыз элине белек катары тапшырылды.
Embed
Орусиянын президенти Владимир Путин "Тилек балатысы" кайрымдуулук акциясына катышкан тогуз жаштагы Дима Ащепковдун кыялын орундатып, аны менен хоккей ойноду. Акция кыйын кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жардам берүүгө арналган. Бала өзүнүн ачык катында Кызыл аянтта президент менен коньки тебүүнү кыялданарын жазган.
Embed
Кендзи Хасимото аттуу япониялык сүрөтчү түшкөн жалбырактарды оюп-кескилеп, укмуштуудай картиналарды жаратат.
Embed
Орусия Кара деңизде дүйнөдөгү жалгыз сууда сүзгөн "Спрут-СДМ1" танкын сыноодон өткөрдү. Кургакта да сууда да жүргөн согуштук унаа сыноо учурунда суу тоскоолдуктарынан даярдыксыз өтүүгө, сууда сүзүп бара жатып ок атууга жана даярдалбаган жээкке оңой эле чыгууга жөндөмдүү экенин көрсөттү.
Embed
"Навои" эркин индустриалдык зонасында "Өзбекстан" деген аталыштагы смартфондор чыгарыла баштады. Өндүрүштү ООО Telecom Devices PRO уюму колго алган.
Embed
Азербайжан менен Армения Орусиянын тынчтык күчтөрүнүн ортомчулугу менен туткундары алмаша баштады. Тоолуу Карабактагы орус контингентинин командири Рустам Мурадов Азербайжанга 12 киши, Армения 44 киши кайтарылганын билдирди.
Embed
Казакстандын Караганда облусунун Улытау районунда тогуз метрлик карышкырдын скульптурасы орнотулгандыгын "Tengrinews" агенттиги билдирди. Улытау облусунун акимчилиги билдиргендей, айкел облус борборунан 30 чакырым алыстыкта орнотулуп, демөөрчүлүк каражаттын эсебинен жасалган. “Түрк мифологиясында карышкырга ыйык маани берилет. Ал уйсундардын, түрк жана монгол жомокторунда айтылган. Ошондуктан, биз “Көк Бөрі” айкелин Күмісбұлақ булагына жакын аймакка орнотууну чечтик. Аны скульптор Амантай Мендыгалиев жасаган. Айкелдин көлөмү 9 метрге жетет”, - деп билдиришти райондук акимчиликтен. Скульптура металл каркастан жасалып, сыртынан пластик менен капталган. Ал абанын температурасынын минус 60тан плюс 60 градуска чейин өзгөрүшүнө туруштук бере алат.
Embed
Бакуда Тоолуу Карабактагы жаңжалдын аякташына арналган жеңиш парады өттү. Ага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. Парадга 3000ден ашуун аскер катышып, Азербайжандын заманбап аскердик техникалары көрсөтүлдү.