БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. Биринчи Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин Төрагасы Кадыр Кошалиевдин журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу түзүлгөн комиссия корутундусун чыгарды.
Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы жана журналист К.А. Кошалиевдин Кыргызстандын экс-жетекчилери А. Акаев жана К. Бакиев менен болгон интервьюларына укуктук, чыгармачылык жана саясий баа берүү боюнча Биринчи Элдик Курултайдын Регламентине ылайык түзүлгөн (№ 05; 26.05. 23) коомдук комиссиянын
КОРУТУНДУСУ
Биз курамы жети адамдан турган коомдук комиссиянын мүчөлөрү чогулуп, күн тартибиндеги маселени чыгармачылык, тарыхый, юридикалык жана саясий жактан талдоого алдык.
Иштин жүрүшүндө К.А.Кошалиевдин комиссиянын дарегине жазган түшүндүрмө-маалыматы менен таанышып, өзүнө да түз суроолор берилип, тийиштүү жооптор алынды. Талкууланып жаткан маселе боюнча эксперт-адистердин, коомчулуктун пикирлери да бул корутундуну чыгарууга таяныч болду.
Аталган интервьюлар боюнча ЖМКларда жана соцтармактарда жарыяланган белгилүү коомдук-саясий ишмерлердин, серепчилердин, окумуштуулардын, журналисттердин, жалпы эле коомчулуктун ( Э.Исаков, Т.Акимов, Д.Иманбердиев, К.Чекиров, А.Кадырбаева, К.Айтикеев, З.Кожоева, А.Атабаев, А.Адишов, Г.Абдилла, Назира Джуман, Т.Алдакулов, А.Исаева, Н.Кененбаева, Мырзабек Камчыбек уулу ж.б) отузга жакын өкүлдөрүнүн пикирлери тиркелди.
К.Кошалиевдин журналисттик иши боюнча күнөө тага турган жагдайлар дээрлик жок экендигин, маселенин баары Курултай институтун Баш мыйзамдын талабына ылайык мыйзамдаштыруу маселеси Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан мезгилде Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы катары (коомдук башталышта иштегендигине карабастан) ал тарабынан алынган интервьюлардын жарык көрүшү - абалды курчутууга себеп болгон.
Бул жагдай Элдик Курултайдын тарыхый мааниси, коомдогу орду, элдин Курултайга болгон ишеничи өзгөчө экендиги менен түшүндүрүлөт.
К.Кошалиевдин интервьюларын коомчулуктун бир бөлүгү бийликтин тапшырмасы менен Дубайдагы жолугушуунун уландысы катары да сыпаттап жиберишти. Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун жана К.Кошалиевдин ЖМКлардан берген маалыматтары боюнча бул маселеде мыйзам эрежелерине жана салтыбызга ылайык ар бири өз алдынча максаттуу иш алып барышканы белгилүү болду.
К.Кошалиевдин Кыргызстандын экс-жетекчилеринин баары менен шартка жараша маектешүү ниети бар экендигин эске алсак, демек бул демилге бир эле Бакиевге байланыштуу эмес экендигинен кабар берет.
Андыктан, комиссия мүчөлөрү талкууланып жаткан маселе боюнча тараптардын жүйөдалилдерин угуп, төмөнкүдөй тыянакка келдик:
1) Журналистикада интервью жанры - белгилүү бир адамдын өз оозунан маалымат алууну ишке ашырган чыгармачылык процесс. Анын мазмуну, сапаты журналистин чеберчилигине, даярдыгына жана интервью берип жаткан адамдын дараметине, далилге таянган ынанымдуу кептерине жана сөз билги чечендигине жараша ишке ашат.
Ушул талаптардан алып караганда, комиссия К.А.Кошалиевдин өз демилгеси боюнча Кыргызстандын экс-жетекчилери А.Акаев жана К.Бакиев менен болгон интервьюлары (жалпы иштин жыйынтыгына таасир этпеген майда техникалык мүчүлүштөрдү эске албаганда) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Биринчи Элдик Курултайдын Регламентине каршы келбейт жана журналисттик эрежелерди сактоо менен уюштурулган.
2) Элдик Курултай - калыстыкты, адилеттикти, чындыкты туу туткан салттуу эл башкаруу институту катары өлкөнүн тагдырына түздөн түз тиешелүү орчундуу маселелерден кыйгап өтпөстөн, кайра талкуунун бутасына алууга милдеттүү. Ушул талаптан алып караганда өлкөнү 10-15 жылдап башкарган адамдардын өз оозунан маалымат алууга шарт түзгөн К.А.Кошалиевдин иш-аракети соңку тарыхты тактоого кошулган журналисттик салым болуп саналат.
3) Кыргызстан укуктук мамлекет экендигин эске алып, Биринчи Элдик Курултайдын Регламентинин 3-главасында белгиленген Аксакалдар кеңешинин ыйгарым укуктарына тиешелүү беренелерге ылайык,
коомдук маанилүү маселелер боюнча комиссия, жумушчу топторду түзүү, алардын сунушу боюнча коомдук угууларды уюштуруу укуктары бар. Ага ылайык аталган интервьюлар коомдук угуулардын форматына жатат. Болгону К.Кошалиев өзүнүн иш-аракети жөнүндө Аксакалдар Кеңешинин төрагасы катары Кеңештин мүчөлөрүнө убагында маалымдап койбогондугу анын кемчилиги болгон.
4) К.Кошалиевдин Элдик Курултайга байланышкан иштерди өз демилгеси менен көп жылдар бою коомдук башталышта аткарып келгендигин белгилеп, акыркы жылдары өз кесиби болгон тележурналистикадагы эмгек маяна алып иштеген УТРКдагы жумушун улантуу сунушун беребиз.
Эгемендик жылдары Кыргызстанды башкарган мурдагы жетекчилерден интервью алып, ЖМКлардан жарыялоо ар бир журналистин кесиптик укугуна жатат.
5) Элдик Курултай институтун коомдук-саясий системага өз ыйгарым укуктары менен киргизүү, мыйзамдаштыруу маселесинде (Конститциялык Кеңешменин, “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү болгон) К.Кошалиевдин сиңирген көп жылдык эмгегин жана Биринчи Элдик Курултайдын Регламентиндеги Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрагасын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби жөнүндөгү 4-главадагы талаптарды эске алып, жакында кабыл алынган “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамдын негизинде жаңы чакырылган курамдын иши башталганга чейин өзүнүн ыйгарым-укуктарын уланта берүүсү максатка ылайыктуу.
Бул комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго, Элдик Курултайдын туруктуу иш алып барган Аксакалдар Кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Б. Абдразаковго, УТРКнын Башкы директору Б.Тиллебаевге расмий жөнөтүлсүн жана Элдик Курултайдын маалымат кызматы аркылуу коомчулуктун калың катмарына жеткирүү сунушталсын.
Тарыхыбызда Элдик Курултай институту болгону менен, коомдук-саясий башкаруу түзүлүшүбүзгө жаңы кирип жаткан жаматтык эл башкаруу баалуулугубузду аяр сактоо - баарыбыздын жоопкерчиликтеги иш.
Б. К. Бакетаев, саясий серепчи, Биринчи Элдик Курултайдын делегаты, комиссиянын төрагасы;
Б.Ибрагимов, Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрага орун басары, комиссиянын мүчөсү;
Э. Абдразаков Биринчи Элдик Курултайдын делегаты, комиссиянын мүчөсү;
Байас Турал, Элдик Курултай кыймылынын Улуттук кеңешинин мүчөсү, тарых илим.кандидаты, акын, комиссиянын мүчөсү;
Ч. И. Арабаев, академик, юридика илимдеринин доктору, ”Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү;
Т. Ш. Токтогазиев, “Манас жаңырыгы” ТРКнын жетекчиси, жазуучу, тележурналист, комиссиянын мүчөсү;
А. Атабаев, “Демилге.kg” сайтынын негиздөөчүсү, журналист, комиссиянын мүчөсү.
Бишкек ш. 08. 07. 23
Валюта курсу
Аба ырайы