• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
379 Категория: Общество - Published: 11/08 - 16:57

БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 12-августунда күндүз жана 13-14-августтарында Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Өлкөнүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: 13-15-августтарында Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9°ка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 18…23°ка чейин болушу мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+31°C Тегеран
+25°C Москва
+14°C Астана
+21°C Бишкек
+20°C Алматы
+26°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети