БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. Эки өлкөнүн топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу болду.
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.
Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында болоору пландалууда.
Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылы 17-апрелде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.
Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан, буга чейин эки өлкө ортосунда куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган кандуу окуялар катталган.
Быйыл 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өткөн “Европа Биримдиги - Борбор Азия” саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугуп, чек ара маселесин талкуулашкан.
Валюта курсу
Аба ырайы