БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. Жума сайын инспекторлор автобекеттерди текшерүүгө алат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан 2023-жылдын туристтик мезгилинин алкагында ар бир дем алыш күндөрү автобекеттерде жана жолдордо профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Атап айтканда, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген ишканалардын жетекчилери менен, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар менен жолугуп, жол эрежелеринин коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүүдө.
Бул профилактикалык иш-чаралардын максаты жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда болгон жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, айдоочулар тарабынан бардык лицензиялык талаптардын сакталышын, алардын эмгек жана эс алуу режимине көзөмөл жүргүзүү, каттамга чыгуу учурунда, сөзсүз нарколог бөлүмүнөн өтүүсү, техникалык кароодон өтүүсүн текшерүүгө алуу жана жалпы жол эрежелерин сактоого чакыруу максаты коюлууда.
Валюта курсу
Аба ырайы