• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
272 Категория: Общество - Published: 10/08 - 17:24

БИШКЕК, 10-август. — Eurasia Today. 10-августта Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Ысык-Көлдүн «Золотые пески» пансионатынын жанында каза болгон Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун жакындары менен жолугушту. 

Жолугушууга Талас облусунун губернатору Нурлан Дарданов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Сүйүн Касымов, аталган башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу жана күбөлөр катышышты. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков маркумдун жакындарына бул факты ар тараптуу жана объективдүү каралып, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын максаттуу тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына ИИМдин тергөө, ыкчам, криминалисттик кызматтардын эң тажрыйбалуу кызматкерлери киргендиги тууралуу жана кошумча күбөлөрдү аныктоо боюнча иштердин жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Улан Ниязбеков жакындарынын, ошондой эле күбөлөрдүн пикирин укту. ИИМ башчысы облустук жана райондук милиция тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайлары иликтенип жаткандыгына ишендирди. Бул иш Кыргыз Республикасынын Президентинин көзөмөлүндө экенин, тергөөнүн ар бир аракети менен жеке таанышып, изилдеп жаткандыгын баса белгиледи. Мындан тышкары, кандайдыр бир шектенүүлөрдү жоюу максатында, тергөө амалдарын жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында бардык тергөө процесстери тууралуу туугандарына маалымат берилерин билдирди.

Маркумдун ата-энеси жана жакындары ИИМ жетекчилигине болуп өткөн окуяга өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тергөө объективдүү жүргүзүлөт деген үмүтүн билдиришти.

Эске салсак, 23 жаштагы А.Б.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл жана Кара-Буура райондорунун соттук-медициналык экспертиза бюролорунда зарыл экспертизалар дайындалган. Бүгүнкү күндө экспертизалардын расмий корутундулары даяр эмес.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+25°C Москва
+11°C Астана
+19°C Бишкек
+14°C Алматы
+26°C Дүйшөмбү
+23°C Ашхабад
+24°C Ташкент

Соцсети