• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
491 Категория: Общество - Published: 10/08 - 17:00

БИШКЕК, 10-август. — Eurasia Today. Бишкек шаарында жайгашкан министрликтин имаратына кирип, мүлкүн уурдоого аракеттенген жарандар кармалды.

2023-жылдын 7-августунан 8-августуна караган түнү ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө Бишкек шаарында жайгашкан министрликтердин биринде кезметте турган   милиционер  телефон аркылуу чалып,  имараттын ичинде 3-4 (үч, төрт) чоочун адамдар жүргөнүн билдирген. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

 Ошол замат аталган мекемеге кармоо тобу  жөнөтүлүп,   алар тарабынан “Мерседес бенц” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү  унаасы токтотулуп, багажында жыйылып турган министрликке тиешелүү чугун батареяларын уурдап алып кетип жаткан   жеринен төрт  жаран 1973-жылы туулган Р.Г., 1991-жылы туулган А.А., 1990-жылы туулган Т.В., 1972-жылы туулган Ш.М.  кармалып, Бишкек шаарынын №-5 ШМБнын  ыкчам-иликтөө тобу чакырылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетүүчү жагдай, айрым маалымат каражаттары бул уурулук КРнын билим берүү жана илим министрлигинде болгондугун жазышууда.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+31°C Тегеран
+25°C Москва
+11°C Астана
+19°C Бишкек
+14°C Алматы
+26°C Дүйшөмбү
+23°C Ашхабад
+24°C Ташкент

Соцсети