• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
461 Категория: Общество - Published: 10/08 - 16:53

БИШКЕК, 10-август. — Eurasia Today. Балыкчы шаарынын 64 жаштагы тургуну Таштан Иманов Ысык-Көлдү 3 күндө велосипед менен айланып чыкты.

Бул тууралуу Балыкчы пресс агенттиги жазды.

Ал 7-августта Балыкчы шаарынан Ысык-Көлдүн тескей тарабы менен жолго чыккан. Бүгүн 10-августта велосипед менен көл аймагын ийгиликтүү тегеренип, Балыкчыга кайтып келди.

Милициянын көчмө кабылдама унаасы жана жакындары Таштан Имановду шаардын кире беришинен бери коштоп келишти. Абу-Бакр мечитинин алдында санаалаштары аны аман-эсен кайтып келиши менен куттуктап, жылуу тосуп алышты.

Иманов эч кыйналбай эле барып келгенин, эртең мененки алтыдан кечки тогузга чейин жол жүрүп отурганын айтты. Жолдо баратканда мейманкана, боз үйлөрүндө эс алып, тамактанып алыңыз дегендер болгонун билдирди.

Ал көлдү ден соолукту чыңдоо жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, аларга үлгү көрсөтүү максатында айланып өтөөрүн айткан.

Адыл Султангазиев

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+31°C Тегеран
+25°C Москва
+14°C Астана
+21°C Бишкек
+20°C Алматы
+26°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети