БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. Шанхайдык СellX компаниясы жасалма эт өндүргөн пилоттук заводду ишке киргизгенин РИА Новости South China Morning Post (SCMP) шилтеме берип жазды.
"Бул пилоттук өндүрүштөн алынган тыянактар 2025-жылга чейин бүтөт деп пландалып жаткан жана жылына жүздөгөн тонна продукция өндүрө ала турган биздин коммерциялык өндүрүш комплексибиз үчүн колдонулат", - деди компаниянын башкы директору Ян Цзылян.
Ишканада эки миң литрлик биореактор бар.
Маалыматт убакыттын өтүшү менен жабдуулардын саны көбөйүп, жогорку сапатты сактоо менен продукциянын өздүк наркы килограммына жүз долларга чейин төмөндөйт деп айтылат.
Компаниянын башкы директору ушул жылдын аягында CellX жасалма этти сатууга уруксат алуу үчүн АКШ жана Сингапурга кайрыларын билдирди.
Бүгүнкү күндө лабораторияда өндүрүлгөн продукцияны сатууга АКШ жана Сингапурда гана уруксат берилген. Кытайлык компания эл аралык рынокко 2025-жылга чейин чыгууну пландоодо.
SCMP билдиргендей, заводдун пилоттук версиясын түзүү Кытай үчүн ачылыш болуп саналат. Өлкөнүн алдында 1,4 миллиард адамдын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жаныбарлардын белогунун булагын табуу маселеси турат.
Валюта курсу
Аба ырайы