БИШКЕК, 8-август. — Eurasia Today. Президент Садыр Жапаров Шови жер көчкүсүнөн курман болгондорго байланыштуу Грузиянын Президенти Саломе Зурабишвилиге көңүл айтты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Шови курортундагы жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болгонуна байланыштуу Грузиянын Президенти Саломе Зурабишвилиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
«Грузиянын Шови курортунда болгон жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Валюта курсу
Аба ырайы