• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
672 Категория: Политика - Published: 27/07 - 10:48

БИШКЕК, 27-июль. — Eurasia Today. Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Пхеньянда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушканын "Корея үнү" радиосу билдирди.

Ким Чен Ын менен Шойгу жолугушту

Маалыматта Ким Чен Ын Коргоо министри Шойгу менен жылуу саламдашканы, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар КЭДР менен Россиянын ортосундагы достуктун терең тарыхын эскеришип, улуттук коргонуу жана коопсуздук тармагындагы эки тарапты кызыктырган маселелерди талкуулашканы айтылат.

Ошондой эле маалыматта Шойгу Ким Чен Ынга Россиянын президенти Владимир Путиндин жолдогон катын бергени да белгиленген.

Радионун билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөрдөн кийин алар бири-бирине белек тартуулашкан.

Россиянын Коргоо министри баштаган аскердик делегация Түндүк Кореяга 25-июлда Корей согушундагы аскердик аракеттердин аякташынын 70 жылдыгына арналган салтанатка катышуу үчүн барган.

РФ Коргоо министрлигинен белгилешкендей, бул сапар Москва менен Пхеньяндын ортосундагы аскердик байланыштарды чыңдоого жардам берет жана эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калат.

Түндүк Корея маанилүү өнөктөш

Шойгу бул сапарында Пхеньянда Корея Элдик Демократиялык Республикасынын Коргоо министри Кан Сун Нам менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Россиялык министр КЭДР Россиянын маанилүү өнөктөшү экенин баса белгилегенин ведомстводон билдиришти.

Шойгу анын КЭДРге сапары Корей элинин Ата Мекендик-боштондук согуштагы жеңишинин 70 жылдыгын майрамдоо күндөрүндө өтүп жатканын, анда 1950-1953-жылдардагы кандуу салгылаштарда Ким Ир Сен башчылык кылган Кореянын элдик армиясы (КЭА) күчтүү жана каардуу душмандын үстүнөн тарыхый жеңишке жеткенин белгиледи.

Россиянын Коргоо министри эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү согуштан кийинки мезгилде чыңдалганын белгиледи.

Анын айтымында согуштук кемелердин кирүүсү, коргоо ведомстволорунун жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн расмий сапарлары, жумушчу деңгээлдеги делегацияларды алмашуу, кадрларды даярдоо Корей жарым аралында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого чоң салымын кошкон.

“Бүгүнкү сүйлөшүүлөр биздин коргоо ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жардам берет деп ишенем", - деген Шойгу.

Ал КЭДР Россиянын маанилүү өнөктөшү экенин, аны менен жалпы чек ара жана кызматташтыктын бай тарыхы байланыштырып турарын белгилеген.

Ким Чен Ын Шойгуга жаңы дрондорду көрсөттү 

Ким Чен Ын Шойгуга Түндүк Кореянын жаңы учкучсуз учуучу аппараттарын көрсөттү, деп билдирет Кореянын Борбордук телеграф агенттиги.

Буга чейин Ким Чен Ын 26-июлда Шойгу жана Россия Федерациясынын аскердик делегациясынын мүчөлөрү менен бирге көргөзмөгө барганы маалымдалган. Көргөзмө Корея согушундагы аскердик аракеттердин аяктаганынын 70 жылдыгына карата КЭДРдин Коргоо министрлиги тарабынан каржыланган.

Сүрөттөрдөн Түндүк Кореянын лидери жана орус министри КЭДРдин акыркы үлгүдөгү курал-жарактарды, анын ичинде баллистикалык ракеталарды, танктарды жана брондолгон техникаларды карап чыгышканын көрүүгө болот.

Өзгөчө көңүл учкучсуз учуучу аппараттардын эки үлгүсүнө бурулду. Баннерлерде алардын учуп жүргөн сүрөттөрү бар. Бул КЭДР бул учкучсуз учактарды жасап гана тим болбостон, аларды сыноодон да өткөргөнүн билдирет.
Түштүк Кореянын Ренхап агенттигинин маалыматына караганда, дрондордун бири америкалык RQ-4 Global Hawk чалгындоо учкучсуз учагынын аналогуна окшош болсо, экинчиси General Atomics компаниясынын америкалык MQ-9 Reaper сокку жана чалгындоо учкучсуз учагына окшош.
Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+31°C Тегеран
+25°C Москва
+14°C Астана
+21°C Бишкек
+20°C Алматы
+26°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети