БУУКиевдинАКШбергенкооптуукассеталыкок-дарылардыколдонупжатканынайыптады
- Подробности
- Просмотров: 764
БИШКЕК, 22-июль. — Eurasia Today. Киев америкалык кассеталык бомбаларды колдонгону тууралуу билдирүүлөр тынчсызданууну жаратууда, деп билдирди БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик брифингде.
"Кассеталык ок-дарылар колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар абдан тынчсыздандырат. Биз жогоруда айткандай, мындай ок-дарылардын түрлөрү тарыхта калышы керек жана колдонулбашы керек", - деди ал.
Буга чейин Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби Украина АКШ тарабынан берилген кассеталык бомбаларды бир жумадан бери колдонуп, алардын натыйжалуулугу тууралуу Вашингтонго отчет берип жатканын билдирген.
"Алар (ок-дарылар - ред.) өткөн жумадан бери согуш талаасында. Биз украиналыктар менен байланыштабыз, алар аны абдан натыйжалуу жана туура колдонуп жатышат", - деген Кирби журналисттерге.
7-июлда АКШнын президенти Жо Байден Киев режимин кассеталык снаряддар менен камсыздоо чечимин жарыялап, бир жумадан кийин Пентагон Украина аларды бир гана АКШдан эмес, ошондой эле башка өлкөлөрдөн да алганын билдирген.
Москва мындай куралдарды Украинага жеткирүүлөр жай тургундарга коркунуч туудурарын жана кризисти созууга багытталганын баса белгилейт.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Украинанын Куралдуу күчтөрү буга чейин Донбассты аткылоодо кассеталык бомбаларды колдонгон. Ведомствонун расмий өкүлү Игорь Конашенков бул украин аскерлери көп сандагы жайкын тургундарды өлтүрүүнү өздөрүнүн милдети деп эсептей турганын билдирерин айткан.
Ал эми эл аралык "Human Rights Watch" бейөкмөт уюму куралдын бул түрүн Киевге өткөрүп берүү карапайым калкты узак мөөнөттүү азапка алып келерин билдирген.
Белгилей кетсек, мындай типтеги кооптуу снаряддарга 123 мамлекет ратификациялаган эл аралык конвенция тыюу салат. Чачырап жарылган бул ок-дарылар өзүн-өзү жок кылуучу түзүлүштөр менен камсыз кылынган эмес. Америкалык аскерлердин айтымында, алардын 5%дан 14%га чейинки бөлүгү такыр жарылбай калышы мүмкүн, анткени алар бир топ убактан бери кампада жатат. Мындай болгон учурда алар согуштан кийин дагы жай тургундарга кадимки минадай эле кооптуулук жаратып калат.
Ал тургай, АКШ конгрессинде Украинага мындай курал-жарактын берилишине каршы чыккан. АКШнын Демократиялык партиясынан Байдендин партиялаштары коргонуу мыйзамына кассеталык бомбаларды берүүгө тыюу салган түзөтүүнү даярдап жатышат. Миннесота штатынан АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Илхан Омардын айтымында, бул ок-дарыларды колдонуу адам укуктарын бузат.
Валюта курсу
Аба ырайы