БИШКЕК, 9-август. — Eurasia Today. 2022-жылдын 13-майындагы “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 9-августунда № 185 “КР президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка Ысык-Көл көлүнүн пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында кол коюлду.
Өзгөртүүлөрдө бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык зоналарына эркин кирүү мүмкүндүгү каралган.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эске салсак, буга чейин президент "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, Ысык-Көлдүн пляж аймактарына элдин эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолор (дубалдар, торчолор, темир торлор) демонтаждалып, аларды мындан ары курууга тыюу салынган.
Валюта курсу
Аба ырайы