БИШКЕК, 8-август. — Eurasia Today. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Түп районундагы сел каптаган айылдардын жашоочуларынан кабар алды.
Министр табигый кырсыкка дуушарланган айылдардын жашоочуларынан кабар алып, элдин абалын жеринде көрүп, элеттиктердин көйгөйлөрүн угуп, сел жүргөн аймактардагы иштин аткарылышын өз көзөмөлүнө алды.
Ошондой эле сел каптаган үйлөрдү кыдырып, үй ээлери менен сүйлөштү.
Талды-Суу, Корумду, Көөчү айылдарында болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын суу каптаган.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюга 249 адам тартылган, анын 103ү куткаруучулар. Таң эрте куткаруучулар 5 топко бөлүнүп иштешүүдө. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды, зыян тарткан үйлөрдү тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.