БИШКЕК, 28-июль. — Eurasia Today. Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин алдында XVII Эл аралык “Оймо-2023” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы өтүп жатат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашкандай, фестивалга катышуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан, Ооганстан, Индия, Кытай, Орусия, Иран, АКШ, Мексикадан келген кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, ишкерлер келишкен.
Жарманкеге шаар тургундары жана чет элдик коноктор, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл тармактардын өкүлдөрү катышууда.
Фестивалдын максаты - маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин уландысын жандандыруу, кол өнөрчүлүк рыногун жана маданий мурастарга негизделген креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жана Кыргызстанды экологиялык жактан таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.
“Оймо” – Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан эл аралык маданий фестиваль. Салт боюнча июль айынын аягында Бишкекте жарманке менен ачылып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат.