БИШКЕК, 19-июль. — Eurasia Today. Айрым адамдар Иран тууралуу укканда санкциянын астында жашаган өнүкпөгөн, аялдардын укугу корголбогон, кооптуу өлкөнү элестетишет. Бирок Иранга сегиз күндүк пресс-тур менен биринчи жолу барган Кыргызстандын тележурналисттери аталган өлкөнүн бүгүнкү заманбап жашоосун өз көздөрү менен көрүп, Иран коопсуз, өнүккөн, аялдардын укугу корголгон өлкө экенинен ынанып кайтышты.
Сапардын алкагында алар 8 миллиондон ашуун калкы бар Тегеран жана маданий борбору деп эсептелген Исфахан шаарларында сегиз күн болушуп, өлкөнүн тарыхы, маданияты менен жакындан таанышып, азыркы заманбап жашоосун жана жетишкендиктерин өз көздөрү менен көрүп, улуттук ашканадан даам сызып, эс алып гана тим болбостон маалымат каражаттарында болушуп, тажрыйба да алмашышты.
Журналисттер Тегеран шаарында дүйнөдөгү эң бийик 6-телемунара жана Ирандагы эң бийик имарат болуп эсептелген "Милад" мунарасында, Тегерандын чоң базарында, "Табият" көпүрөсүндө, Ислам реолюциясынын негиздөөчүсү Имам Хомейнини үйүндө жана башка бир катар туристтик жайларында болушту.
Алтынчы күнү "Дүйнөнүн жарымы" деп эсептелген Исфахан шаарында болушуп, байыркы мечит, сарай жана тарыхый базар менен курчалган дүйнөгө белгилүү "Накш-е жахан" аянтын, тарыхый "Сио-се-Поль" көпүрөсүн көрүштү.
Бул сапарда Кыргызстандын медиа өкүлдөрүн ошондой эле Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Насер Канаани, алдыңкы "Fars News" агенттигинин башкы директору Паям Тирандоз кабыл алып, кызматташтык тууралуу баарлашышты.
Мындан тышкары, журналисттер эл аралык "PRESS TV" телеканалында, Исфахандагы "IRIB" телеканалында болушуп алардын ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Белгилей кетсек, Иран Ислам Республикасына таанышуу иш сапары менен Кыргызстандан 21 адам, анын ичинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев, УТРК, ЭлТР, Ош ТВ, НТС, Нур ТВ, Жалал-Абад ТВ, Баткен ТВ, Азия ТВ, "Кабар" агенттиги, "Умма" ислам-журналынын жетекчилери жана журналисттери барган.
Пресс-турду "Fars News" агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү ("Eurasia Today" агенттиги) уюштурду.
Сапардын максаты - Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоо, таанышуу, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуу.