• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1252 Категория: Фотографии - Published: 11/07 - 17:57

БИШКЕК, 11-июль. — Eurasia Today. Бүгүн, 11-июлда «Манас» эл аралык аэропортунан Бишкек-Дубай-Тегеран багыты боюнча кыргызстандык тележурналисттер тобу Иран Ислам Республикасына сапар тартышты.

Бул пресс-турду Ирандын "Fars News" агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү ("Eurasia Today" агенттиги) уюштурду.

Делегациянын курамында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев, УТРК, ЭлТР, Ош ТВ, НТС, Нур ТВ, Жалал-Абад ТВ, Баткен ТВ, Азия ТВ, "Кабар" агенттиги, "Умма" ислам-журналынын жетекчилери жана журналисттери бар.

Иранга жалпы 21 адам, анын ичинде 9 аял киши жана 12 эркек киши жөнөп кетти.

Сапардын максаты - Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо, таанышуу, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуу болмокчу.

Кыргыз журналисттери Ирандын бир катар ЖМКларында анын ичинде алдыңкы "Fars News" агенттигинде, "PRESS TV" телеканалында жана башка мамлекеттик жана эл аралык телекомпанияларында болушуп, алардын кандай иштеп жаткандыгын өз көздөрү менен көрүп келишет.

11-19-июль күндөрү боло турган сапарда мындан башка да жолугушуулар, иш чаралар белгиленген.

Пресс-турдун алкагында кыргызстандык делегациянын өкүлдөрү Ирандын борбор шаары Тегеранда жана маданий борбору Исфахан шаарында болушуп, Ислам республикасынын маданияты, тарыхы, азыркы заманбап жашоосу жана жетишкендиктери менен таанышышат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Иранга мындан мурда да Кыргызстандан Жогорку Кеңештин депутаттарынан, ЖОЖдордун окутуучуларынан, эксперттерден, маалымат агенттиктеринен турган топтордун иш сапары уюштурулган.

Теги: