• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
260 Категория: Экономика - Published: 11/08 - 12:18

БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкаруусунда 1,5 гектар жер аянтына жаңы асфальт-бетон чыгаруучу завод курулуп жатат.

Учурда заводдун орду даярдалып, жабдыктары алынып келинди. Адистердин белгилөөсүндө жакынкы күндөрү заводду куруу жумуштары жүргүзүлүп, ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору билдирди.

Асфальт-бетон заводунун жанына атайын таш талкалоочу (дробилка) жабдык да орнотулат.

Завод республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланууда. Ага 53 млн. 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал ишке кирсе, 20дай адам жумуш менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгынын асфальт-бетон заводунун эскилиги жетип, жолдорго асфальт төшөө, тротуар куруу жана жамап-жасоо иштеринде бир топ түйшүк жаралып келген.

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+25°C Москва
+11°C Астана
+19°C Бишкек
+14°C Алматы
+26°C Дүйшөмбү
+23°C Ашхабад
+24°C Ташкент

Соцсети