• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
281 Категория: Экономика - Published: 11/08 - 09:10

БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат.

Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында тыюу 2024-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт.

Жогорку Кеңеш 2023-жылы 29-июнда кабыл алган мыйзамга президент 10-августта кол койду.

Кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган баштык жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө такыр тыюу салынат.

Кабыл алынган Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын тизмеги аныкталган.

Алар:

бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин бардык түрлөрү;

тамак-аш үчүн бир жолу колдонулуучу пластик идиш;

ПЭТ (полиэтилентерефталат, РЕТ) пластик бөтөлкөсү;

жумуртка үчүн пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу идиш;

кофе үчүн пластик капсулалар;

азык-түлүк үчүн сумка тор баштыктар.

Мыйзамда экспорт үчүн өндүрүлүүчү, турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычы жок жана түргөктөп сатылуучу баштыктарга чек коюлган эмес.

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш колдонулары тууралуу так статистика жок.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы 2019-жылы Бишкекте күн сайын 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгара турганын жарыялаган Активисттердин эсебинде, таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+31°C Тегеран
+25°C Москва
+19°C Астана
+21°C Бишкек
+26°C Алматы
+32°C Дүйшөмбү
+28°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети