• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
394 Категория: Главные новости - Published: 11/08 - 13:12

БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. Россия, Өзбекстан жана Казакстандын үч тараптуу газ биримдиги башка өлкөлөрдү да камтышы мүмкүн.

Бул тууралуу Россия ТИМинин Экономикалык кызматташтык департаментинин директору Дмитрий Биричевский РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

"Газ тармагында үч тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайбыз. Буга башка мамлекеттер да кызыгуу билдирип жатышканын билебиз. Биз мындай кызматташууга ачыкпыз. Бирок ал бардык катышуучулардын позицияларын эске алуу менен өз ара пайдалуу жана конструктивдуу болууга тийиш", - деди ал.

Өткөн жылдын ноябрь айында Россия Казакстан менен Өзбекстанга орус газын бул өлкөлөрдүн аймактары аркылуу ташууну камтыган “үч тараптуу газ биримдигин” түзүүнү сунуштаган. 2023-жылдын январында Газпром менен Өзбекстандын Энергетика министрлиги газ тармагында кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшкан.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, февраль айынын башында тараптар алдын ала техникалык баа берүүнүн жыйынтыктарын, газды жеткирүү боюнча жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле жол картасын ишке ашырууну талкуулашкан.

Май айынын аягында РФ Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин газ биримдигинин долбоорунун параметрлери иштелип жатканын, чыгымдардын көлөмү такталып жатканын белгилеген.

“Борбор Азия – Борбор” трансконтиненталдык системасынын газ түтүктөрү Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын аймагы аркылуу өтөт. Куурлар аркылуу газ Кыргызстан, Украина, Молдова, Литва, Эстонияга жеткирилип, Европа өлкөлөрүн күйүүчү май менен камсыз кылган бирдиктүү газ түтүгү магистралына куюлган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+31°C Тегеран
+25°C Москва
+14°C Астана
+21°C Бишкек
+20°C Алматы
+26°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети