БИШКЕК, 9-август. — Eurasia Today. Иран БРИКС менен кызматташууга күчтүү талапкер, Москва республиканын тез арада уюмга толук кандуу мүчө катары киришине үмүттөнөт.
Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Тегерандагы сапары учурунда Ирандын "Mehr News" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
"Иран - БРИКС менен кызматташууга күчтүү талапкер. Ошондой эле ирандык кесиптештер менен Ирандын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ - ред.) менен кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Иран БРИКСке толук кандуу мүчө катары кирген учур келет", - деген Рябков.
Сергей Рябков Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан менен бирге 8-августта Тегеранда Тышкы иштер министрлигинин Саясий жана эл аралык изилдөөлөр борборунда өткөн “Иран жана БРИКС: келечектеги кызматташтыктын келечеги” аттуу конференцияга катышты.
Анын жүрүшүндө Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан өлкөсүнүн БРИКСке кириши биримдикке олуттуу пайда алып келиши мүмкүн экенин "Иран жана БРИКС" конференциясында билдирди.
"Энергетика жана коопсуздук жаатында Иран БРИКС үчүн маанилүү оюнчу. Ирандын жана Сауд Аравия, Ирак жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу энергияга бай өлкөлөрдүн БРИКСке кириши жана алардын энергетикалык секторду өнүктүрүүдөгү активдүү ролу бул экономикалык биримдиктин позициясын мындан ары да бекемдейт", - деген Абдоллахиан.
Эске салсак, июнь айынын башында Абдоллахиан жетектеген ирандык делегация Кейптаун шаарында БРИКСтин жана “БРИКСтин досторунун” тышкы иштер министрлеринин жыйындарына катышкан. Анда ал Иран башка кызыкдар өлкөлөр менен бирге келечекте БРИКС үчүн ишенимдүү өнөктөш боло аларын баса белгилеген.
БРИКС Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирет. Аргентина, Иран, Алжир, Тунис, Түркия, Сауд Аравиясы жана Египет сыяктуу кеминде 19 мамлекет экономикалык блокко кошулуу каалоосун билдирген.
БРИКСтин кезектеги саммити Йоханнесбургда 22-24-августта өтөт. Ага Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африканын лидерлери, Россиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышат. РФ президенти Владимир Путин саммитке видеоконференция аркылуу катыша турганын билдирген. Саммитинин катышуучулары биримдикти кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашары маалымдалган.
Буга чейин Түштүк Африканын тышкы иштер министри Наледи Пандор 23 өлкө БРИКСке кирүү каалоосун расмий түрдө билдиргенин айткан. Алар: Алжир, Аргентина, Бангладеш, Бахрейн, Беларусь, Боливия, Куба, Египет, Эфиопия, Гондурас, Индонезия, Иран, Казакстан, Кувейт, Марокко , Нигерия , Палестина, Сауд Арабиясы, Сенегал, Таиланд, Бириккен Араб Эмираттары, Венесуэла жана Вьетнам.