549
Категория: Главные новости -
Published: 08/08 - 14:41
БИШКЕК, 8-август. — Eurasia Today. Андижанда "Sino International" компаниясы Nike кроссовкаларын чыгара баштады. Бул тууралуу "Узчармсаноат" Ассоциациясына шилтеме берүү менен Sputnik Өзбекстан жазды.
Маалыматка караганда, ишканада 50 адам иштейт. Анда спорттук бут кийимдердин таманын жана үстүн формага келтирүүчү линиялар ишке киргизилип, күнүнө 6000 жуп бут кийим чыгарылууда.
Өзбекстандык адистердин квалификациясын Nike компаниясынын Кытайдагы филиалынын технологдору, дизайнерлери жана тигүүчүлөрү жогорулатууда.
Жылдын аягына чейин ишкана кубаттуулугун 2 эсеге жогорулатууну пландаштырууда.
"2019-жылы трансулуттук Nike компаниясы Өзбекстанда өзүнүн бренди менен спорттук бут кийимдерди чыгарууга расмий уруксат берген. Америкалык брендди Өзбекстанга тартуу үчүн "Узчармсаноат" ассоциациясы тарабынан иштелип чыккан атайын стратегиянын негизинде республика Nike үй-бүлөсүнүн өндүрүүчүлөрүнүн катарына киргизилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Өндүрүш линиясын ишке киргизүү үчүн "Sino International" компаниясы 5 жылдын ичинде Nike талап кылган бардык эл аралык сапат стандарттарын киргизген. Тактап айтканда, техникалык мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, кызматкерлерге татыктуу иштөө шарттары жана жогорку сапаттагы көзөмөл уюштурулган.
Nike компаниясынын стратегиясына ылайык, Өзбекстанда өндүрүлгөн кроссовкалар Орто Азиянын, Пакистандын, кийинчерээк Европанын рыногуна жөнөтүлөт.
"Компания спорттук бут кийим чыгарган ар бир өлкө үчүн расмий штрих-код берет. Бул штрих-кодду Өзбекстан да алган. Бул Андижандагы ишкана дүйнөлүк бренд кроссовкаларынын бардык моделдерин чыгарууга укуктуу экенин билдирет", — деп айтылат маалыматта.
"Sino International" тарабынан чыгарылган продукциялар азыркы тапта Өзбекстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын рынокторуна жеткирилет.
Келерки жылдан баштап атактуу кызыл кутулар Пакистанга жөнөтүлөт. "Sino International" Adidas бренди менен продукция чыгарууну өздөштүрүү максатын да көздөйт, бул багыттагы иштер азыртадан эле башталган.
Валюта курсу
IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00
Аба ырайы
+26°C
Тегеран
+25°C
Москва
+11°C
Астана
+19°C
Бишкек
+14°C
Алматы
+26°C
Дүйшөмбү
+23°C
Ашхабад
+24°C
Ташкент