КыргызстандыкбалбандарСербиядаөткөнтурнирде3алтынмедальутушту
- Подробности
- Категория: Главные новости
- Просмотров: 458
БИШКЕК, 7-август. — Eurasia Today. Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Раззак Бейшекеев Сербияда өткөн турнирде алтын медаль багындырышты.
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
77 киллограмга чейинки салмак категориясында Акжол Махмудов алгач 1/4 финалында венгриялык балдан Золтан Левайды жеңип алды. Андан соң, жарым финалда Венгриянын дагы бир өкүлү Аттила Тосмагини жеңип финалга чыкты.
Жыйынтыктоочу беттеште Махмудов 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.
Жоламан Шершенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Тайпалык баскычта Жоламан биринчи орунда жарым финалга чыгып, Венгрия менен Кытайдын спортчуларын эки жолу жеңип алды.
1/2 финалдык беттеште Шаршенбеков Динислам Бамматовду 11:2 эсебинде жана финалда Венгриялык Эрик Торбаны 8:0 эсебинде жеңип, алтын медалды багындырды.
67 кг салмактагы Раззак Бейшекеев 1/4 финалдан баштап, Сербиянын өкүлүн жеңип алды. Жарым финалда Сербиянын дагы бир спортчусун жеңип, финалда венгриялык Кристиан Ванцты утуп алды.
Любомир Иванович Гедза атындагы Эл аралык мелдеш 5 август күнү жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 8 спортчу катышты.
Валюта курсу
Аба ырайы