34жылмурдагыархивдиксүрөттөр.СоветтикжоокерлердинОоганстанданчыгарылышы
- Подробности
- Категория: Главные новости
- Просмотров: 373
БИШКЕК, 16-февраль. — Eurasia Today. Мындан 34 жыл мурун 1989-жылы 15-февралда советтик жоокерлердин акыркы колоннасы Ооганстандан чыгып кеткен.
Ооган согушу 1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. Он жылга созулган согушка 620 миң советтик аскер кызматкери катышкан. Алардын 14 миңден ашууну согушта курман болгон. Ал согушка Кыргызстандан дагы 7 миңден ашык жоокер жөнөтүлүп, алардын ичинен 300дөй адам курман болуп, 1500 киши ар кандай жаракат алган.
Советтик аскер кызматкерлеринин Ооганстандан кантип чыгып кеткени туурасында сүрөт түрмөгүнөн окуп, көрүңүз.
Расмий статистика боюнча 10 жылдын ичинде 1979-1989-жылдары 546 миң советтик аскер кызматчысы Ооганстандын отунан өтүп, 15 миңден ашыгы мекенине тирүү кайткан эмес, дээрлик 50 миңи жарадар болгон.
Сүрөттө: Ооганстан Ислам Республикасы, Саланг ашуусу. Советтик аскерлердин биринчи колоннасы мекенине жөнөп жатат.
КПССтин борбордук комитетинин башкы катчысы Михаил Горбачев менен Ооганстандын президенти Наджибулланын Ташкенттеги тарыхый жолугушуусу. 1988-жыл 7-апрель. Анда Женева келишимдерине токтоосуз кол коюу жана аскерлерди чыгарып кетүүнү баштоо жөнүндө чечимдер кабыл алынган.
Сүрөттө: Михаил Горбачев (оңдо) жана Ооганстандын президенти Мохаммад Наджибулла (солдо) расмий жолугушуунун алдында.
1988-жыл 15-май - Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарыла башталышы. Алгачкы үч айда Ислам республикасынан 50 миңден ашуун аскер кызматкери чыгып кеткен.
Сүрөттө: Ооганстандын жай тургундары советтик интернационалчы-жоокерлерди үйлөрүнө узатып жатышат.
Термез Ооганстан менен чектеш жайгашкан Борбор Азиядагы эң ысык шаарлардын бири. Ооган согушунун жылдарында шаарда советтик аскерлер жана алардын үй-бүлөлөрү жашашкан. Сүрөттө: өзбек Термезинде темир жол платформасында аскердик техниканы жүктөө, 1988-жыл, май.
Ооган согушунун жылдарында аскердик жана кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн эрдиги үчүн 86 аскер кызматкери Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга ээ болгон. Сүрөттө: Озбекстандын Термезиндеги советтик интернационалчы-жоокерлердин жолугушуусу.
Кушка - Түркмөн ССРиндеги шаар (азыркы Серхетабат) - Ооганстан менен чек арадан төрт чакырым алыстыкта, Мары - Кандагар автожолунун боюндагы дарыя өрөөнүндө жайгашкан.
Ооган согушунун жылдарында аскердик аракеттер жүрүп жаткан аймакка жөнөтүлгөн көптөгөн аскер кызматкерлери Кушкада климатташтыруудан өтүшкөн. Түркмөн шаарынын климаттык шарттары Ооганстандын климатына бир топ окшош.
Сүрөттө: Ооганстандан чыгарылган бөлүктөрдүн жоокерлери Кушкадагы жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан берилген дарбыздарды көтөрүп турган чагы.
Кушканын жашоочулары мекенине кайтып келген интернационалчы-жоокерлерди тосуп алууда. Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Ооганстандан чыгарылып кетиши.
1988-жылдын ноябрь айынын башында душмандардын кескин күчөгөн чабуулдарынан улам Ооганстандан советтик аскерлерди чыгаруу токтотулган. Сүрөттө: Советтик аскерлердин колоннасы Саланг ашуусу аркылуу өтүп жатат.
1988-жылдын ноябрь жана декабрь айларынын экинчи жарымында Ооганстандагы абал бир аз турукташкан. Бирок, СССРдин жетекчилиги советтик аскерлерди чыгарып кетүү акырына чейин ишке ашырыла тургандыгы жөнүндө билдирүү жасоодон карманган.
Сүрөттө: жоокердин кызматтык жардамчысы менен коштошуп жаткан учуру.
Сүрөттө: советтик аскерлер оогандык жолдошторго Ооганстандагы советтик аскерлердин чектелген контингентинин Н- бөлүгүнүн символикалык ачкычын берип жаткан учуру.
Аскерлерди чыгаруу боюнча акыркы операция январдын аягында — 1989-жылдын февраль айынын биринчи жарымында болгон. Сүрөттө: Ооганстандан кайтып келе жаткан советтик полктор.
Аскерлерди чыгарып кетүү операциясына душмандар (мужахеддер) тынымсыз чабуул коюшкан. Сүрөттө: советтик аскерлердин колонналары Саланг ашуусу аркылуу бара жатат. Жолдун жээгинде ооган душмандары талкалаган унаалардын сыныктары турат.
Айрым маалыматтарга караганда, бул мезгилде 500дөн ашуун советтик жоокер курман болгон.
1989-жыл 15-февраль - Ооганстандан аскерлердин чыгарылышынын аякташы. Сүрөттө: массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Ооганстандагы советтик аскерлердин чектелген контингентинин командачысы, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Борис Громовдун брондолгон транспортун тосуп алууда.
Ооганстандагы советтик аскерлердин чектелген контингентинин командачысы генерал-лейтенант Борис Громов аскерлердин чыгарылышы аяктагандыгы тууралуу билдирип жаткан учуру.
Сүрөттө: Советтик армиянын акыркы бөлүктөрүнүн Ооганстандан чыгышы, 1989-жыл.
Ошол эле учурда Ооганстандын аймагында душмандар (мужахеддер) тарабынан туткунга алынган советтик жоокерлер дагы эле бар болчу.
Сүрөттө: аскер кызматкерлери Ооганстандын Хайратан шаарындагы аскердик базада үйлөрүнө кайтуу үчүн чогулуп жаткан учуру.
Расмий маалыматтар боюнча, Ооганстандагы салгылашууларда 400дөн ашуун аскер кызматкери туткунга түшүп, дайынсыз жоголгон. Алардын айрымдары советтик аскерлер чыгарылып кеткенге чейинки мезгилде бошотулган, андан кийин — Ооганстан Демократиялык Республикасынын жана Пакистандын өкмөтүнүн ортомчулугу менен советтик туткундарды бошотуу жөнүндө сүйлөшүүлөр улантылган.
Сүрөттө: Кундуз шаарынын көчөсүндө советтик интернационалчы-жоокерлер.
Ооган согушунун жылдарында аскердик жана кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн эрдиги үчүн 86 аскер кызматкери Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга ээ болгон.
Сүрөттө: Өзбекстандын Термез шаарында советтик интернационалчы-жоокерлерди тосуп алуу учуру.
Жакындар менен көптөн күткөн жолугушуу. Сүрөттө: Түркмөнстан ССР. Ооганстандан кайтып келген аскерлерди салтанаттуу тосуп алуу учуру.
Валюта курсу
Аба ырайы