БИШКЕК, 4-август. — Eurasia Today. Жакында Ирандын алдыңкы “Fars News” маалымат агенттигинин чакыруусу менен Кыргызстандын 21 кишиден турган тележурналисттер делегациясы Иран Ислам Республикасына таанышуу иш сапары менен барып келишти.
Сегиз күндүк пресс-тур менен биринчи жолу барган журналисттер аталган өлкөнү өз көздөрү менен көрүп, иран эли менен жакындан таанышып, Иран коопсуз, өнүккөн, аялдардын укугу корголгон өлкө экенинен ынанып кайтышты.
Биз делегациянын курамында Иранды жакындан көрүп келген ЭлТР МТРКсынын "Жаңылыктар" бөлүмүнүн продюсери Шайиргүл Борбоева жана Баткен ТВ каналынын редактор-баяндамачысы Миңгүл Көчөрова менен маектештик.
Алар ирандыктардын, айрыкча аялдардын бүгүнкү жашоосу кандай экенин, аларды таң калтырган, кызыктырган нерселер тууралуу кенен баяндап беришти.
- Саламатсыздарбы. Жакында сиздер Иранда таанышуу иш сапары менен болуп келдиңиздер. Айрым адамдар Иранды жабык, өнүкпөгөн, аялдардын укугу чектелген, кооптуу, кара чүмкөнгөндөрдүн өлкөсү деп ойлошот. Буга чейин сиздерде Иран тууралуу кандай маалымат бар эле, кандай деп элестеттиңиздер эле?
Шайиргүл: - Саламатчылык. Чынын айтсам, эмнегедир Иран тууралуу маалыматка кызыгып, издеп да көрбөптүрмүн. Ошол себептен улам, көп деле маалыматым жок болчу. Качан Иранга сапар уюштурулуп жатканы тууралуу укканда, албетте, кооптонуу болду. Ачыгын айтсам, аялдардын укугу корголбогон, санкция алдындагы жашагандан кийин, өнүкпөгөн, маданияты артта калган өлкө болсо керек дегем.
Миңгүл: - Саламатсызбы! Ооба, биз Кыргызстандагы бир катар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Иран Ислам Республикасына иш сапар менен барып келдик. Чынын айтканда мен дагы буга чейин Иранды дайыма согуш токтобогон, өнүкпөй калган, караңгы өлкө катары элестетчүмүн. Аялдардын укуктары тебеленип, эркиндиги чектелген коом деп ойлочумун. Бир гана мен эмес, Иранга жөнөп жатканымды уккан таанышытарым да Иранда эмне бар? Согуш болуп жаткан өлкөгө барбай эле койбойсунбу? Коркпойсуңбу? Алданып калбайсыңбы? деген суроолорду беришти.
- Эми Иранды жакындан көрүп келдиңиздер. Бул өлкөгө биринчи сапарыңыздар кандай таасир калтырды? Учактан түшкөндө биринчи эле көзүңүзгө эмне учурады?
Шайиргүл: - Учактан түшкөндө эле, аэропорттогу кызматкерлердин жылуу тосуп алганы жүрөктү жылытты. Бизди күтүп турган агентствонун өкүлдөрү да жылуу маанайда тосуп алышты. Кийин шаарларын кыдырып жүргөнүбүздө дагы дал ушундай, меймандос калк экендигине күбө болдук. Жөнөкөй жашоочулары болсо, биз менен сүрөткө түшүүнү да суранып жатышты.
Миңгүл: - Иранга болгон алгачкы сапарым мага өзгөчө таасир калтырды. Бүгүнкү күнгө чейин бул өлкө жөнүндө айланамдагыларга айтуудан тажабай келем. Сапардан алган таасирлер Ирандын тарыхына болгон кызыгуумду арттырды. Учактан түшүп, аэропорттун ичине киргенде өлкөсүнө жеңиш менен кайткан жаштарды салтанаттуу тосуп алуу аземине күбө болдум. Байкаганым боюнча улуттук музыканын коштоосунда, расмий өкүлдөр, гүл көтөргөн жаштардын жакындары чет өлкөдөн кайсы бир сынакта жеңиш менен кайтышкан жаштарды сыймыктануу менен тосуп алып жатышты. Бул окуядан жана сапарыбыздын жыйынтыгында Иран эли ийгилик жараткан ар бир жараны, өзгөчө улуу инсандары менен сыймыктанып, аларды дайыма даңазалап келишерин баамдадым.
- Интернет булактарынан ирандык аялдардын укугу чектелген, аларга көп нерсе тыюу салынган деген маалыматтарды көп окуйбуз. Өзүңүздөр көрүп келген ирандык аялдардын жашоосу кандай экен?
Шайиргүл: - Ооба, интернет булактарында, биз көрүп келген заманбап, өнүккөн азыркы Иран өлкөсү тууралуу маалыматтар чынында эле сейрек. Биз көргөн ирандык аялдар кадимкидей эле, өз укуктары корголгонуна күбө болдук. Катуу же олуттуу бир чектөөлөрдүн негизинде жашаганын көрбөдүк. Иран Ислам Республикасы болгондугуна байланыштуу, аялдардын жоолуксуз жүрүүсүнө болбойт экенин, бирок ошол эле учурда, аялдар өзү каалаган жумушта, кызматта иштей алат экен.
Миңгүл: - Мен көргөн ирандык аялдар кайсы бир кызматта жетекчи же катардагы кызматкер, шайыр мүнөз кыздар, жаркылдаган келиндер. Өнүгүүгө умтулган билимдүү аялдар. Биз бир канча аял журналисттер менен да баарлаштык. Аларга дал ушундай суроону узаттык. Алар аялдарга карата кысым жоктугун, каалаган жумуштарда иштей аларын айтышты.
- Иран 40 жылдан ашуун убакыттан бери эл аралык санкциялардын алдында жашары баарына белгилүү. Буга карабастан Иран кандай өнүгүптүр? Кандай жетишкендиктерин байкай алдыңыздар?
Шайиргүл: - Ооба, Иран 40 жылдан ашуун убакыттан бери эл аралык санкциялардын алдында жашап жаткандыгына карабастан, өз алдынча өнүгүптүр жана ушул тапта да, бардык тараптан, тагыраагы билим, илим, өндүрүш, туризм тармагы өнүгүү жолунда бара жатканына күбө болдук.
Жаштардын китеп окууга кызыккандыгы жана берилгендиги мени өзгөчө таасирлентти. Бул көрүнүштү биз чоң китепканалардагы жаштарды көрүп жана китеп дүкөндөрүндөгү кардарлардын көптүгүнөн улам байкадык.
Экинчи таасирленткен нерсе: Иран элинин тарыхын өчүрбөй, сактап, муундан-муунга өткөрүп келүү максатында тарыхый музейлериндеги көрүнүктүү инсандарынын сүрөт-портреттеринин сакталышы, 10-кылымга таандык ыйык Куран китебинин жана башка иран тарыхы жазылган китептери, илгерки доорго таандык табылгары сакталган бир канча музейлери болду.
Жетишкендиктери тууралуу айта турган болсом, жеңил өнөр жайы өнүгүптүр. Бүт бардык нерсе өздөрүндө өндүрүлүп, күйүүчү май да арзан экен. Көчөлөрү кенен, түнкүсүн дээрлик баардык жолдору жарыктандырылган. Бул албетте, бир топ жылдан бери эл аралык санкция алдында жашаган өлкө үчүн болуп көрбөгөндөй чоң жетишкендиктер десек болот. Сырт жактан келген туристтердин агымы көбөйө баштагандыгын айтышты, албетте бул да болсо өлкөнүн экономикасынын өсүүсүнө натыйжалуу таасирин тийгизет.
Миңгүл: - Иран эл аралык санкцияларга карабастан өнүгүп келе жатканы мени да таң калтырды. Өзгөчө илимий-технологиянын өнүккөнүн байкадым. Жаштары да илимий техникага кызыгып, бул багытта түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканын айтышты.
- Ал жерде таң калтырган нерсе эмне болду?
Шайиргүл: Аялдар бетине пластикалык операция жасатышарын көп байкадык. Ислам Республикасында мындай көрүнүш жок болсо керек деп ойлогом. Калкынын саны 88 миллионго жеткен өлкөдөгү шаарлардын тазалыгын күткөн эмес элем. Коомдук жайларда, соода түйүндөрүнүн алдында, кычык-тар көчөлөрдө, чоң көчөлөрдө, тратуарларда эч кандай таштанды көрбөйсүң.
Миңгүл: - Таң калган учурлар көп болду. Өзгөчө таң калганым биз башында караңгы эл деп ойлогон өлкөнүн жаштары китепканадан чыгышпайт экен. Биз сапардын алкагында китепканаларда жана китеп дүкөндөрүндө болдук. Андагы жаштардын көптүгү таң калтырды.
- Ирандын кайсы жерлеринде болдуңуздар? Кайсы жери кандай өзгөчөлүктөрү менен эсте калды?
Шайиргүл:- Тегеран шаарында 1979-жылкы революциянын лидери болгон Имам Хомейнинин жашаган үйүндө, музейинде, революцияга чейинки бийлик башында турган шахтардын хан ордосунда, эң бийик “Милад” телемунарасында, “Табият” көпүрөсүндө, “Иран мол” соода борборунда, килем дүкөндөрүндө, китепканаларында жана башка тарыхый музейлеринде болдук.
Исфахан шаарында дагы эки күн болдук. Анда дүйнөнүн жарымы деп аталган “Нахше жахон” аянтында, аны курчап турган базарында жана Исфахан шаарын тең экиге бөлүп турган “Заянде Руд” дарыясында, “Сио-Се-Поль” көпүрөсүндө болдук. Баардык жайлар өзүнүн уникалдуу көрүнүшү, архитектуралык өзгөчөлүктөрү менен эсте калды.
Миңгүл: - Ирандын көп жерлеринде болдук. Тарыхый, маданий, жайларына бардык. Тегеран жана Исфахан шаарларындагы бир катар массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Тышкы иштер министрлигинде, туристтик жана тарыхый жайларда болдук. Ар бир барган жерибиздин өзгөчөлүгү бар экен. Ирандыктар туристтерди кызыктырган аталган жайлары жөнүндө сыймыктануу менен айтып берип жатышты. Мындан мен Иран эли тарыхына жана маданиятына өзгөчө маани берерин байкадым. Тарыхый имараттар, курулуштар бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып калганын көрдүк.
- Ирандын бир катар маалымат каражаттарында да болуптурсуздар. Кыргызстандын маалымат каражаттарынан кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыздар?
Шайиргүл:- Иштөө ыкмасы, студияларынын жасалгалары биздикиндей эле экен. Бирок, кызматкерлердин иштөө графиктеринде айырма бар экен. Алар үч сменде иш алып барышарын айтышты. Анан телекөрсөтүүлөрүндө жаңылыктар бөлүмдөрү үзгүлтүксүз 24 саат бою өзгөчө сайт, социалдык тармактары аркылуу элди өлкө ичиндеги болуп жаткан окуялардан ыкчам кабардар кылып турат экен. Контенттеринин көптүгүндө айырманы байкадым. Бир эле көрсөтүүнү эки, үч тилде котормосу менен жайылтышат экен.
Миңгүл: - Негизинен окшоштук жактары көп. Шайиргүл эже айткандай бир гана айырмачылык телеканалдары 24 саат эфир берип, 3 смена менен иштейт экен. Ирандык кесиптештер жаңылыктарды бир канча тилде, ар жарым саатта эфирден чыгарып турушарын айтышты.
- Рахмат маегиңиздерге. Ишиңиздерди ийгиликтер коштосун.
Маектешкен: Айзат Асанакунова
Валюта курсу
Аба ырайы