• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
558 Категория: Мнение эксперта - Published: 11/08 - 15:18

БИШКЕК, 11-август. — Eurasia Today. Аманбеков Султанбек аттуу жаран жакында борбор калаанын троллейбус айдоочуларынын иш таштайбыз деп чыккан акциясынын себебин айтты.

Аталган жаран Фейсбук аркылуу бул жагдай боюнча төмөндөгүдөй өз оюн билдирген:

"Бишкекте троллейбус, автобустарда накталай эмес төлөм милдеттүү түрдө киргизилет деген маалымат чыккандан кийин троллейбус айдоочулары нааразы болушууда. Алар айлык маянаны 60 миң сомго көтөрүүнү талап кылышууда. Айдоочулар буга чейин 22 миң сомдун тегерегинде айлык алып иштеп келишкен. Эмне үчүн ал убакта айлыкты көтөрүү талабы коюлган эмес билесизби? Айдоочулар кассага азыраак акча төлөп, түшкөн кирешенин бир бөлүгүн өз чөнтөгүнө салып жүрүшкөн. Мына ушундай "кирешеден" кол жууп калуу коркунучу турганда айлыкты көтөрүү талабын айтып чыгышты.

P.S Бүгүн мэрияга саботаж кылып, көчөдө жүргүнчүлөрдү албай бош нары бери каттаган троллейбустун айдоочуларына чара көрүлүшү керек го, кандай дейсиз Nazgul Jamgyrchieva ?".

Белгилей кетүүчү жагдай,  11-августта Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштады. Алар маянаны көтөрүү талабын коюп жатышат.

Айдоочулар менен "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров жолуккан. Ал айлык акы 50 миңге чейин көтөрүлөрүн, колго 41 миң сомго тийерин билдирген. Бирок анын сөзүнө макул болбогон айдоочулар жыйындар залынан чыгып кетишкен.

10-августта да троллейбустун жүздөй айдоочусу жумуштан кетүү арызын жазганы кабарланган. Алар 20-28 миң сом айлык алышарын айтып, маянаны көтөрүүнү талап кылышкан.

Алар айдаган коомдук транспорттор камсыздандырылбаганы үчүн кырсыкка учураганда чыгымды айдоочулар төлөй турганын айтып жатышат.

Буга чейин Талантбек Капаров троллейбус айдоочулары менен 9-августта жыйын өткөнүн, сентябрь айынан тарта алардын маянасы 110% көтөрүлө турганын  билдирген. Ал "жол кире төлөөнү толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин, жаңы жылдан кийин айлык дагы караларын" билдирген.

Коомдук транспорттун айдоочуларынын мындай нааразылыгы Бишкек мэриясы жол кирени электрондук негизде кабыл ала баштаарын жарыялагандан кийин пайда болду.

Буга чейин шаар башкармалыгы 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспортто накталай акча кабыл алынбай турганын билдирген. Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук, "Тулпар”, Visa, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алат.
 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+11°C Астана
+19°C Бишкек
+14°C Алматы
+26°C Дүйшөмбү
+23°C Ашхабад
+24°C Ташкент

Соцсети