• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
567 Категория: Мнение эксперта - Published: 02/08 - 12:22

БИШКЕК, 2-август. — Eurasia Today. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматтан алынат деген имиштер айтылууда.

Бул сөзгө эркин журналист Алмазбек Чербеков каршы пикирин билдирип, өз оюн төмөндөгүдөй жазган:

"Лейлектин акими Алмазбек Рахманкуловду кызматтан алат экен деген сөздөр жүрүп жатат. Ага Икрамжан Илмияновго берилген сыйлыкты себеп кылыптыр дегендер да жок эмес. Икрам акени көрө албагандар чурулдап кетсе эле коркуп кетпеш керек го. Эгер ушундай болсо өтө туура эмес. Акылбек Жапаров, Сизди белгилеп койдум, сөзсүз окуйт болушуңуз керек. Бул маселеде терең ойлонуп туруп чечим чыгарышыңыз абзел. Жок дегенде элдин пикирин эске алып, Илмияновго Лейлектин эли эчак эле берип койгон андай сыйлыкты.

Ал эми аким жаман эмес иштеп жатат. Эки жолку согушта тик туруп берди, качып кетпей. Артынан жаман сөз деле ээрчиген жок. Өз ишин кылып жаткандарга тийбей эле койгула да. Же чоң кызматка көтөрөлү деп жатасыңарбы?..".

Белгилей кетүүчү жагдай, жакында Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан Икрамжан Илмияновго "Лейлек районунун ардактуу атуулу" наамы берилген болчу.

Бул сыйлык боюнча Баткен облустук администрациясы мындай чечим райондун жарым жылдыкты жыйынтыктаган коллегиясында кабыл алынгандыгын билдирген.

"Бул сыйлыктар райондук деңгээлде болгондуктан, Лейлектин жетекчилиги чечимди өзү кабыл алган. Облустук бийликтин мындай сыйлык тапшырууга тиешеси жок", - деп билдиришкен маалымат каражаттарына.

Лейлек районунун бийлиги "аймактын өнүгүүсүнө салым кошкон" деп тапкандардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, райондун мурдагы акими Абдисалам Юлдашев жана парламенттин депутаты Чыңгыз Ажибаев баштаган адамдар бар.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+31°C Тегеран
+25°C Москва
+11°C Астана
+19°C Бишкек
+14°C Алматы
+26°C Дүйшөмбү
+23°C Ашхабад
+24°C Ташкент

Соцсети