• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
904 Категория: Мнение эксперта - Published: 21/07 - 13:51

БИШКЕК, 21-июль. — Eurasia Today. Ирандын ШКУга толук мүчө болуп кириши аймактагы геосаясий кырдаалга кандай таасир этерин жана андан Кыргызстан кандай пайда көрөрүн саясий илимдердин кандидаты, Кыргызстан Эл аралык университетинин окутуучусу Молдокеева Алина редакциябызга айтып берди.

"Шанхай Кызматташтык Уюмунун түзүлгөнүнө башка аймактык уюмдарга салыштырмалуу аз эле убакыт болду, ошентсе дагы 2001-2023-жылдар аралыгындагы окуялардын хронологиясын карап көрсөк, кыска мөөнөттө ШКУ дүйнөлүк аренада чоң кадыр-баркка ээ болду", - деди Молдокеева.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ШКУ бир гана коопсуздук, экстремизм, радикализм менен күрөшүү жаатында өзүнүн долбоорлорун ийгиликтүү илгерилетип жаткан аймактык уюм эмес, ошол эле учурда экономикалык мүнөздөгү уюм.

Эксперт Иран ШКУ түзүлгөндөн бери анын ишмердүүлүгүнө жигердүү кызыкдар болуп, уюмдун ар кандай иш-чараларына катышып келгенин белгиледи.

"Ирандын уюмга кириши геосаясий кырдаалды өзгөртөт, анткени Ирандын өзүнүн геосаясаты, аймактагы мамилелердин табияты, Батыш менен мамилеси, ШКУ менен болгон мамилеси – мунун баары дүйнөлүк кырдаалга өз таасирин тийгизет. Иран тарап туура белгилегендей, бул жаңы дүйнөлүк тартиптин башталышы", -деди Молдокеева.

Анын пикиринде Иран доллардан баш тартып, башка өлкөлөрдү улуттук валютага өтүүгө үндөп туура кылды. Көптөгөн мамлекеттер азыр акырындык менен долларды дүйнөлүк валюта катары колдонуу практикасынан баш тартып жатышат. Бул америкалык валютанын алсырашына гана алып келбестен ошондой эле жаңы доордун башталышы да болот.

Ирандын ШКУга кириши уюмдун экономикалык жактан күчтүү болушуна салым кошот

«Иран уникалдуу позицияны ээлейт - өлкө Борбордук Азияны да, Батыш жана Түштүк Азия менен Кавказды да бириктирген чекитте жайгашкан. Ирандын ШКУга киришинен Кыргызстан кандай пайда табаарын айта турган болсок, анда бул биринчи кезекте Кытай – Иран – Кыргызстан – Өзбекстанды бириктирген темир жолдун курулушу. Ыңгайлуу транспорттук логистиканын эсебинен жаңы логистикалык чынжырларды түзүү жана өлкөнүн бюджетин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт", - деп баса белгиледи ал.
Анын айтымында, глобализация бардык чөйрөлөргө таасирин тийгизет жана мындай транспорттук маршруттар жана түйүндөр азыр абдан маанилүү. Ислам Республикасынын ШКУга кириши уюмдун экономикалык кубаттуулугунун кыйла жогорулашына салым кошот.
"Экономикалык параметрлерди карай турган болсок, анда ШКУга мүчө болгон бардык мамлекеттердин калкы дүйнө калкынын жарымын түзөт. Бул 24 триллион доллардан ашык товар жүгүртүү – абдан маанилүү көрсөткүч жана Иран кошулгандан кийин Шанхай Кызматташтык Уюмунун күчү кыйла жогорулайт", - дейт Молдокеева.
Ал уюмдун акыркы саммитинде кабыл алынган Нью-Дели декларациясы жана бир катар программалык документтер — мамлекеттердин ортосунда жаңы перспективаларды ачарын белгиледи.
"Ирандын ШКУга туруктуу мүчөлүгү менен уюмга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук жаатындагы кызматташтыгы дагы бекемделет. Ирандын радикал-экстремисттик топторго каршы күрөшүү тажрыйбасы – Шанхай кызматташтык уюмуна пайдалуу болот", - деп Молдокеева сөзүн жыйынтыктады.
Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+31°C Тегеран
+25°C Москва
+14°C Астана
+21°C Бишкек
+20°C Алматы
+26°C Дүйшөмбү
+24°C Ашхабад
+23°C Ташкент

Соцсети