• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
695 Категория: Дайджест - Published: 25/07 - 09:09

БИШКЕК, 25-июль. — Eurasia Today. Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу.

Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы 24-июлда саат 23:30дар чамасында билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, "жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр-чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды".

"24-июлда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча жеринде Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо макулдашылган", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын ырастаган.

Машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыкканын билдирген.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы ред.:) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, - деп кабарлаган.

Тажикстан тараптан бул окуяга байланыштуу комментарий боло элек. (JsA)

Булак: Азаттык

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+0.50
USD
84.67
+0.14
EUR
94.17
+0.42
KZT
0.18
-0.23
RUB
0.93
-0.45
TJS
7.93
+0.38
TMT
24.16
+0.42
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+26°C Тегеран
+17°C Москва
+11°C Астана
+19°C Бишкек
+14°C Алматы
+26°C Дүйшөмбү
+23°C Ашхабад
+24°C Ташкент

Соцсети