БИШКЕК, 10-август. — Eurasia Today. Ош шаарында Кайгуул кызматкерлердин нааразычылык акциясынан кийин атайын комиссиянын чечиминине ылайык бир топ кызматкер тартиптик жазага тартылып, жетекчиси алмашты.
Бул тууралуу бүгүн, 10 августта Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Комиссиянын чечимине ылайык, жалпы 92 кайгуул кызматкерлери ар кандай тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен:
- 2 кызматкер – ички иштер органдарынан бошотулду;
- 5 кызматкер – ээлеген кызматынан төмөндөтүлдү;
- 11 кызматкер – ИИМдин ЖКККББнын башка бөлүмдөрүнө которулду.
Ал эми калгандары ар кандай тартиптик жазага тартылды.
Мындан сырткары, Ош ШИИБнин боюнча милициянын кайгуул кызматынын башчысы Айбек Жумагулов кызматтан кетип, ордуна Нурбек Салымбаев дайындалды.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 28-июль күнү Ош шаардык кайгуул кызматкерлери жетекчилике нааразычылык билдирип, милициянын кайгуул кызматынын имаратынын алдына митинг уюштурушкан. Андан соң окуяны териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнү маалым болгон.
Валюта курсу
Аба ырайы