• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
131 Категория: Кыргызстан - Published: 01/08 - 09:28

БИШКЕК, 1-август. — Eurasia Today. Кечээ, 31-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда "Жибек Жолу" бут кийим чыгаруучу жоопкерчилиги чектелген ишканасы ачылды.

Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун кытай инвесторлорун тартуу аракети менен ачылган ишканада учурда 63 жумуш орду түзүлүп, 1 линия менен күнүнө 2000 даана спорттук бут кийимдер тигилүүдө.

Ишкана болжол менен бир айда 60 миң, бир жылда 720 миң жуп бут кийим өндүрө алат. Мында  иштегендердин 17си кытай мастерлери болсо, калган 46 жумушчу жергиликтүү тургундар. 

Ишкана Нарын Эркин экономикалык аймагынын субьектиси болуп эсептелет.

Кытай инвестору Тцао мырзанын айтымында, ишкананы ачууга 2 миллион доллар түз инвестиция салынат. Ремонт жана товар жүгүртүү иштерине 500 миң доллар жумшалары пландалган.  Сырье Кытайдан алынып келинип, Кыргызстанда тигилип, өндүрүлгөн продукция  Россия мамлекетине экспорттолот.

Учурда 1 линия иштеп жатса, ушул жылдын аягына чейин 2-3-линиялар ишке кирип, жумуш орундарын 2-3 эсеге көбөйтүү планы бар. 

Жумушчуларга күнүнө 1000 сомдон айлык маяна, мындан сырткары тамак-аш берилет.

Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор райондук болүмүнүн башчысы Нурлан Абакиров билдиргендей, ишканадан айына болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде киреше салыгы түшөт. Ошондой эле социалдык фондго төлөмдөр төлөнөт.

Өндүрүш ишканасынын ачылыш аземинде облус жетекчиси Алтынбек Эргешов ишкананы ачкан кытай инвестору Тцао мырзага ыраазычылык билдирди.

"Кичинеби, чоңбу, ар бир ишкананын ачылышы биз үчүн абдан маанилүү. Себеби ар бир ишкана экономикабызга, ички дүң продукциябызды өндүрүүгө, жумуш орундарынын пайда болушуна салымын кошот. Мындан ары инвесторлорго болгон мамиле таптакыр бөлөк болот. Бийлик менен инвестордун ортосунда ортомчулар болбойт. Бул азыркы бийликтин иштөө принциби. Биз ички инвестор келеби, тышкы инвестор келеби бардык шарттарды түзүп бергенге аракет кылабыз.  Иштебеген адамда гана кемчилик болбойт. Эгер инвесторлордон кемчилик кетсе, оозеки да, жазуу түрүндө да кайрылалы. Ошонун баарына болбосо анан чара көрөбүз. Бул Президентибиздин талабы. Биз инвесторлордон таза, ачык иштөөлөрүн, тиешелүү төлөмдөрдү убагында төлөөлөрүн гана талап кылабыз”, - деп белгиледи Эргешов.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
+1.00
USD
85.06
+0.43
EUR
93.51
+0.65
KZT
0.17
0.00
RUB
0.88
-0.75
TJS
7.96
+0.61
TMT
24.20
+0.59
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+22°C Тегеран
+7°C Москва
+20°C Астана
+27°C Бишкек
+25°C Алматы
+27°C Дүйшөмбү
+29°C Ашхабад
+27°C Ташкент

Соцсети